ЖӨБО үчүн республикалык бюджеттен 11% өлчөмүндө гана каражаттын каралышы өтө аздык кылат

28-06-2018 16:42

“Республикадагы айылдардын катарында бир гана айылдан турган айыл өкмөттөрү бар экен. Алардын көрсүткүчү 37”, - дейт депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 28 – июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.

Ошондуктан, калыс карап, каражат бөлүп,  айылдарды дотациядан чыгаруу жолдорунун бири Административдик – аймактык реформа. 2008 – жылдан бери бул теманы тынбай козгоп келе жатсам да, жылыш болбой жаткандыгы өкүндүрөт, - деди эл өкүлү.

ЖӨБО үчүн республикалык бюджеттен 11% гана каражат каралат. Бул аздык кылат, аны 20%га чейин жеткирүү керек. Бул тууралуу пикирин билдирген К.Бокоев, - “Ансыз да айыл өкмөттөр ошол аймактагы балдар бакчасынын, мектептин электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөйт. Эми аларга кошулуп элеттеги түнкү жарыктандыруудагы энергия чыгымдарын да алар жабышы керек болуп олтурат. Демек, мунун барына жетиштүү бюджет болуш керек”, - деп кошумчалады эл өкүлү. Ошондой эле депутат, - жогорудагы чыгымдарды ар бир тиешелүү министрликтер өздөрү эсептешсе жакшы болорун белгиледи. Эгер аталган тартип жолго коюлса, анда айыл өкмөттөрү атайын техникалык паркын түзүп, “бутуна туруп” алмак эле, - деп айтты парламентарий. 

Ушул эле уктурууга катышкан “ЖӨБО түйүнү” секретариатынын катчысы, жарандык активист Рита Карасартова айыл өкмөттөрүндө салык чогултуу милдети калыс бөлүштүрүлсө, жакшы болмок, - деп билдирди. Ошондой эле ал, - эгер убагында чогултулбай калган салыктык жыйымдар болсо жөн жерден эле айыл өкмөтүндөгүлөрдүн сөгүш алып жатканына кейиди.

Негизи мамлекеттин абалы кандай экендигин анын салык чогултуу жыйынтыгынан эле билсе болот, - дейт Р.Карасартова.

Көрүүлөрдүн саны : 615

Окшош жаңылыктар