ЖАҢЫЛЫКТАР 28.06.18.

28-06-2018 08:31

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-июнда парламентке келип Жогорку Кеңешке жана жалпы Кыргызстандын элине кайрылуу жасады. Өз сөзүндө мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүү стратегиясы аныкталганын, коомдук-саясий туруктуулук бекемделип, экономикалык ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын  белгиледи.

                        СНХ.С.ЖЭЭНБЕКОВ

Кечээ Төрага Дастанбек Жумабеков Москвада капысынан жол жээгиндеги адамдарды коюп алган Чыңгыз Анарбек уулунун жакындарын кабыл алды. Эске сала кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу Москвадагы жүргүнчү ташыган такси фирмасында иштеп, кокустан кабылган жол кырсыгында Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандарын койдуруп алган. Төрага Дастанбек Жумабеков окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына материалдык жардам көрсөттү. Алынган каражат жол кырсыгынан жабыркагандарды колдоого жумшалат.

Бүгүн, 28 – июндагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Аудитордук иш жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралса, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам өзгөртүүлөрүнүн бириктирилген долбоору да ушул эле окуунун режиминде талкууланат. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторундагы инциденттер жөнүндөгү Өкмөттүн маалыматын угуу саат 16:00гө белгиленүүдө.

1994 – 1997 – жылдардагы адамдын жашоо узактыгы 66 - 67 жашты түзгөн болсо, азыр депрессиялык кырдаалдан өттүк деген менен дагы деле ошол көрсөткүчтөн өйдөлөй албадык, - деген депутат К.Иманалиев, - орус президенти өз өлкөсүнө койгон талаптарды тааныштырды. КМШнын башка мамлекеттеринде 10 миң балага 12 дарыгер туура келсе, бизде 10 миң балага 4 дарыгердин  туура келиши саламаттык сактоо тармагындагы абалдын оордугунун далили, - деп кошумчалады парламентарий.

                       СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Медицинанын камсыздандырылган ыкмасы менен иштөө саламаттык сактоо тармагындагы жаңычылдык болмок, - деген пикирин билдирген депутат А.Алтыбаева Грузиядагы тажрыйбаларга токтолду.

                      СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү эпизотиялык абалга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Талкууда Төрага Дастанбек Жумабеков, - “ Экспортко эт азыктары чыгарылсын десек, анда мал союучу жайлар ачылып, санитардык нормалардын сакталышы кажет”, - деп билдирди.  

                      СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Депутат Зиядин Жамалдинов ветеринария тармагындагы иштерге алымсынбастыгын айтып, алардын бир гана иши малдарга бирка басуу менен эле чектелип калгандай деген оюн ортого салды.

                      СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Элеттеги мектептердегилердин айлыгын айыл өкмөтү төлөйт. Бирок, аларды кызматка алып, же бошотуп жибере турган ыйгарым укук райондук билим берүү бөлүмүндө. Мындай абалда мугалимдерге кимдин сөзү өтүмдүү болот? – деген суроону депутат Искандер Гайпкулов көтөрдү.

                     СНХ.И.ГАЙПКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                            ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-июнда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 27...32, Ош, Жалал-Абад: 28...33, Баткен: 29...34 градус ысык болот.  Талас: 25...30, Ысык-Көл: 22...27, Нарын: 21...26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28 – июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 30...32 градус ысык болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 59

Окшош жаңылыктар