ЖАҢЫЛЫКТАР 27.06.18.

27-06-2018 08:56

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27 – июндагы жыйынында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков парламентке жана жалпы элге кайрылуу жасайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ант берүүсү болот. “Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууга чыгат. Ушундай эле окуунун режиминде  “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү каралат.“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да бул жолку жыйындын негизги маселелеринин бири.

Өлкө прездитенттигине жана ЖК депутаттыгына талапкерлигин коёо тургандар милдеттүү түрдө жогорку билимге ээ болушу шарт. Мындай талаптардын койгон жаңы мыйзам долбоору даярдалып, парламенттин расмий сайтына жайгаштырылды. Бул тууралуу маалымат берген демилгечи депутат Кенжебек Бокоевдин түшүндүмөсү төмөндөгүчө:

                       СНХ.К.БОКОЕВ

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын ден-соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” программасын жактырды.Бул багытта Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев маалымат берди. Анда айтылгандай, соңку жылдардын көрсөткүчтөрү боюнча республикада курак учук жана жүрөк – кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны азайган. Бул жагынан Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында экинчи орунда турат.

                       СНХ.К.ЧОЛПОНБАЕВ

Саламаттык сактоо министри айтып жаткан статистикалык маалыматтарга кайрылган депутат К.Иманалиев кургак учук дартынын көп катталганы жагынан Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында биринчи орунга чыккандыгын тандыра койбос бир топ мисалдарды санады.

                       СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

“Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” аттуу программасын колдой тургандыгын билдирген депутат А.Касымалиева, - болгону анын алкагында аткарылуучу иштер секторлор аралык таризде жүргүзүлүш керек, - деп сунуштады. Эл өкүлү калктын ден соолугунун 8%ы саламаттык сактоо тармагына көз каранды болсо, калганы таза суу, таза аба сыяктуу жагдайларга байланыштуу экендигине токтолду. Ошондуктан, ал жергиликтүү бийликтер менен тыгыз иш алып баруу зарылчылыктарын кошумчалады.

                       СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат А.Исмаилова гемодиализге кетип жаткан ири суммадагы каражаттар өзүн актап жатабы? – деген суроону коюп, мединадагы прикладдык аракеттерди көрө албай жаткандыгын билдирди. Кемин районундагы ооруканага туристтик мезгилде кошумча бир нече тез жардам унаасы керектигин да айтты.

                       СНХ.А.ИСМАИЛОВА

 “Элдин ден соолугун чыңдайбыз, - десек анда Эмгек кодексин так сакташыбыз керек. Болбосо, иштин нормадан ашыкча болгондугу адистерди алсыроого алып келгенден тышкары, инсульт, инфаркт сыяктуу дарттарга чалдыктырууда”, - дейт депутат Е.Строкова.

                        СНХ.Е.СТРОКОВА

Дарттардын сансыз аталышын айтып олтурбай, алардын негизги эки түрүнө гана кайрылган депутат Рыскелди Момбеков, - “Талаада каза болгондорду арактан кетти, - деп дарылоодон майнап чыкпаганын рактан кетти”, -деп жыйынтык чыгарган учурлардын ачуу чындыгына басым жасады.  

                       СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27 - июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй: 26...31, Ош, Жалал-Абад, Баткен:27...32 градус ысык болот. Талас: 24...29, Ысык-Көл, Нарын: 21...26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 – июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 29...31 градуска чейин ысыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 131

Окшош жаңылыктар