ЖАҢЫЛЫКТАР 25.06.18

25-06-2018 09:15

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет бүгүн, 25 - июнда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча  парламенттик угуу өткөрөт. Иш чарага жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

Бүгүн, 25 – июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын ден-соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “ден соолугу чын адам - өнүккөн өлкө” аттуу программасынын долбоорун талкуулайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.Өмүрбекова жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев маалымат беришет.“Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болушкан кыргызстандык жоокерлердин сөөгүн коюлган жеринен Кыргызстандын аймагына кайра жерге берүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 1-июнундагы токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алып салуу жөнүндөгү маселе да күн тартибине киргизилген.

1990 –жылдары бардыгы болуп 1700 балдар бакчасы иштеп келсе, 2011-жылы алардын болгону 700гө жакыны гана калган. Бирок, суроо – талап өскөндүктөн, бакчалардын эсеби 2018-жылга карата 1390го көбөйгөн. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова парламенттин такмактык комитетинин жыйында билдирди.

                           СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Атайын кесиптик билим берүү багытындагы иштер жакшы натыйжаларын берүүдө. Бирок, ошол окуу жайларын аяктагандардын учурда академиялык жана финансылык эркиндикке муктаж болуп жаткандыгын депутат Жанарбек Акаев Социалдык комитеттин олтурумунда айтып чыкты.

                           СНХ.Ж.АКАЕВ

Кесипчилик – техникалык билим берүүдө союздун ыкмасын сактап калган Ташкенттеги жакшы деген көрүнүштөрдү санаган депутат Евгения Строкова, андагы окуп жаткан окуучулардын тамак – ашына каражат каралбагандыгын билдирди.

                          СНХ.Е.СТРОКОВА

Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн күндөлүктүн электрондук түрү иштелип чыкты. Бирок, аны коомчулук колдонуп кетеби, жокпу? Бул чоң суроо. Ошондуктан, адегенде бул саамалык менен парламенттин тиешелүү комитети таанышып, демилгечи топтун оюн укту. Баяндама жасаган Чыңгыз Эрмековдун айтымында, коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасында бул ыкма жогорку деңгээлде иштеп жатат.

                          СНХ. Ч.ЭРМЕКОВ

Депутат Садык Шер – Нияз сунушталып жаткан электродук күндөлүктү колдой тургандыгын билдирип, көп балалуу үй – бүлөдөгүлөр үчүн убакытты үнөмдөп, балдардын окуудагы жетищкендиктерине көзөмөлдүк күчөмөк, - дейт.

                         СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Бишкек шаарында башкы план таптакыр сакталбай калды. Калаа ичиндеги туш келди салынган май куюучу жайлардын жайгашуусуна көңүл бурбаса болбой калды, - дейт депутат Умбеталы Кыдыралиев.

                        СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ  

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                  ТАСМА

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачындын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 24...29, Талас:22...27, Ош, Жалал-Абад, Баткен:25...30, Ысык-Көл, Нарын: 19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25 – июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  26...28 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 56

Окшош жаңылыктар