ЖАҢЫЛЫКТАР 22.06.18.

22-06-2018 09:20

Бүгүн, 22-июнда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы Нарын областында көчмө жыйын өткөрөт. Анын жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жолдору талкууланат. Бул багытта  КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Аманбай Кайыпов жана аталган областтагы  райондордун акимдери менен Нарын шаарынын мэри дагы маалымат беришмекчи. 

“Ата - Мекен” парламенттик фракциясы дагы бүгүн, 22 – июндагы кезектеги жыйынын Ош областында көчмө жыйын тартибинде өткөрүп, “Кыргыз Республикасында кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү жөнүндөгү” маселени талкууга алат.

Депутат Жанарбек Акаев, - Кыргызстандагы ири стратегиялык объектилердин бири катары саналган аэропортто эмнеге камералар орнотулган эмес? – деген суроону жолдоп, ар бир келип – кетип жаткан жүктөрдүн кылдат текшерилишин талап кылды.

                            СНХ.Ж.АКАЕВ

Күйүүчү майдын кымбаттап жатканына кабатырланган депутат Марлен Маматалиев, -“Мындай баалардын ыксыз жогорулап жатышы жол кире акысынын, тамак - аштардын кымбатташына жол ачпайбы? Буга Өкмөт, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тез арада көңүл буруп, тийиштүү чараларды кабыл алыш керек”, - деди.

                            СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Базарларда сатыкка чыгып кеткенден кийин гана сырттан ташылып келип жаткан жер – жемиштердин курамында зыяндуу химиялык заттар арбын деген жыйынтык чыгарылганы кандай? Эмнеге бул тамак – ашка кайдыгер мамиле кылабыз? Чындап, калк саламаттыгын ойлосок, сырттан келип жаткан продукциялар базарларга жеткенден кийин эмес, бажы чек арасына келип түшкөндө текшерилип, зыяндуулугу билинсе, ички рынокко киргизилбеши керек, - дейт депутат Рада Туманбаева.

                             СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районундагы Туздуу-Көлдү кимдер билбейт? Себеби, анын ден-соолукка зор таасир эткени аңызга айланып келет. Бул жагдайга кайрылган депутат Абдыбек Дүйшалиев, - “Өкмөт ага көӊүл буруп, эс алуучуларга ыӊгайлуу шарт түзүү чараларын колго алса”, - дейт.

                             СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

Азыр балдарды бакчалар менен мектептердин 1- классына кабыл алуу тартиби электрондошуп, кезекке туруунун да ушул ыкмасы колдонулуп жатат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

                             СНХ.Г.КУДАЙБЕРДИЕВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 28...33, Талас: 26...31, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 30...35 градус ысык болот. Ысык-Көл: 22...27, Нарын: 21...26 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 22 – июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 30...32 градус жылуу болот. 

 

Көрүүлөрдүн саны : 132

Окшош жаңылыктар