ЖАҢЫЛЫКТАР 21.06.18

21-06-2018 08:06

Парламенттин бүгүнкү, 21 – июндагы жыйыны “Ар кандай маселелер” сааты менен башталат. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторундагы инциденттер жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулмакчы. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору болсо үчүнчү окууга чыгарылат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору менен бирге билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдардын өзгөртүүлөрү да кеңири талкууга алынмакчы.

Жакында депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Болотбек Ибраимжанов менен Игорь Чудиновдун ордуна «Республика – Ата Журт» жана "Бир Бол" саясий партияларынын тизмелери боюнча жаӊыдан депутаттыкка келишкен Тариел Жоробеков менен Бактыбек Турусбеков салтанаттуу түрдө ант беришип, эл өкүлү катары өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.

                         СНХ. Т.ЖОРОБЕКОВ

                          СНХ.Б.ТУРУСБЕКОВ

Буга чейин ар жыл сайын чогулган авиакомпаниялар авиакаттам тарифин бекитип келишсе, эми  түрк тараптын сунуштоосу боюнча тарифти бекитүү мүмкүнчүлүгү авиакомпаниялардын өзүнө берилүүдө. Бул тууралуу маселе Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында каралып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндөгү" макулдашуунун өзгөртүүлөрү талкууланган. Анда депутат Анвар Артыков тарифтерди бекитүүдөгү либерализация авибилеттердин баасынын өсүшүнө алып келерин айтты.

                          СНХ.А.АРТЫКОВ

Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бирок, ал жумуштарды 2017-жылы бүткөрүү мүмкүн болбогондуктан, бул мөөнөт 2018-жылга жылдырылууда. Бул боюнча маселе Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин олтурумунда каралды. Талкууда депутат Таалайбек Масабиров ыкчам арактетерди колго албаса, качанкыга чейин Белоруссиянын быштактарын жеп олтура беребиз?, - дейт “Народный” дүкөндөрүндөгү мисалдарга токтолуп.

                         СНХ. Т.МАСАБИРОВ

“Айыл чарбасына каралган пайызы аз насыяларды 14 миңге жакын дыйкан – фермерлер гана алып жатышат. Бул муктаждыкты жабууга деп мамлекеттен субсидия берилет. Быйылкы жылга 1 млрд. 50 млн.сом белгиленген. Ал негизинен банктардын пайызын төмөндөтүүгө гана жумшалып кетүүдө. Мен буга кошулбас элем, - дейт  депутат Зиядин Жамалдинов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                         СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

“Үстүбүздөгү жылы эле “Айылбанк” тарабынан 6 млн. сом таратылган. Аны алгандардын 83%ы элеттин тургундары. Үйлөрүн сел жууп кеткен жарандардын маселесин чечүүгө да каражат каралып, ипотекалык насыялоо иштерине да катышып жатабыз”, - дейт “Айылбанк” ААК башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов.

                        СНХ.М.АКИМОВ

Насыя алып жаткан кардарларга келишимдик маалыматтардын так түшүндүрүлүшү үчүн банк адистеринин кесиптик деңгээли чоң мааниге ээ. Ошондуктан, адистердин даярдыктарына өзгөчө көңүл бурулат, - дейт “РСК банк” ААКнын персоналдар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков.

                        СНХ.С.НИЯЗБЕКОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                   ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 25...30, Талас: 24...29, Ысык-Көл: 19...24, Нарын:18...23 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад: 27...32, Баткен: 28...33 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 21 – июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 28...30 градус жылуу болот.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 186

Окшош жаңылыктар