ЖАҢЫЛЫКТАР 20.06. 18.

20-06-2018 08:44

Бүгүн, 20 – июндагы жыйынында Жогорку Кеңеш  Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндөгү кодексинин долбоорун экинчи окууда карайт.  Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын өзгөртүүлөрү да экинчи окууга чыгарылат. Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларынын өзгөртүүлөрү да бул жолку жыйындын  негизги маселелеринин бири. “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр болсо депутат М.Сабиров тарабынан биринчи окууда демилгеленүүдө.

Кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык мамилелерге арналган парламенттер аралык комиссиянын кезектеги сегизинчи отуруму болуп өттү. Иш чарадагы кириш сөзүндө  депутат, комиссиянын теӊтөрагасы Тынчтык Шайназаров эки мамлекет ортосундагы тарыхый байланыштардан тартып, парламенттер аралык кызматташтыктын келечектүүлүгүнө да токтолду. Федералдык Жыйындын делегация башчысы, Мамлекеттик Думанын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин Кыргызстан парламенттик демократияга карай ишенимдүү кадам таштаганын белгиледи.

Депутат Мирлан Бакиров Төрага орун басары катары депутаттык комиссиялардын, протоколдук тапшырмалардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иштин жыйынтыгы текке кетпей, натыйжалуу бүтүмдөргө ээ болушу керек, - деген вице – спикер, - бир кезде Максим Бакиевге таандык болгон жер тилкелеринин абалы боюнча да бир топ мисалдарды келтирди.

                             СНХ.М.БАКИРОВ

Депутат Жыргалбек Турускулов, - “Укук бузуулар багытында кимге кайрылуу керектигин Бишкек шаарындагылар эле жакшы билбесе, айыл элинин акыйкатчы институту тууралуу жетиштүү кабары деле жок. Ошондуктан, туура түшүндүрүү иштери социалдык роликтер менен коштолушу керек”, - дейт парламенттин тармактык комитетинин кечээки олтурумунда.

                            СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

Акыйкатчы институтунун 2016-жылдагы баяндамасы да бүгүнкү парламент жыйынынын маанилүү маселелеринин бири. Бирок, 2016 – жылдын маалыматтарынын азыр 2018-жылы каралып жатканы кандай? Албетте, 2016-жылдагы акыйкатчы баяндамасын угуп, 2017- жылдагы баяндамага качан кезек беребиз? Мындай убакыттын созулушу маселенин актуалдуулаган жоготуп жиберет, - деген депутаттардын дагы бири Курманкул Зулушев болду.

                           СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

“2012-жылы Кылмыш – жаза кодексинде кыз ала качууну адам уурдоого теңеп койгонбуз. Бул багытта жылыга акыйкатчы институту маалымат берип турчу. Бирок, 2016 – жылдагы баяндамада бул теманын камтылбай калышы эмнени түшүндүрөт?” , - деген суроону депутат Айнуру Алтыбаева жолдоду.

                          СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Кандай гана мамлекет болбосун, алардын өз өлкөсүнө тиешелүү авиакомпаниялары бар. Алардын авиапаркы да жетиштүү техникалар менен жабдылып турат. Алыс барбай эле, коңшулаш мамлекттерди алып көрсөк, мисалы Тажикстан бул жагынан жакшы иштери менен үлгү боло алат, – дейт депутат А.Эргешов парламенттин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында.

                         СНХ.А.ЭРГЕШОВ

“ЭйрКыргызстан” авиакомпаниясынын келечегин бууп, ордуна башка бир компаниянын эртеңкисине кам көргөн аткаминерлер кимдер эле? Бул суроону тактоого алган депутат К.Жумалиев болду.

                        СНХ.К.ЖУМАЛИЕВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                               ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 –июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачындын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 23...28, Ысык-Көл:20...25, Нарын: 21...26 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 20 – июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 26...28 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 119

Окшош жаңылыктар