ЖАҢЫЛЫКТАР 19.06.18.

19-06-2018 09:09

Кечээ  18- июнда Агрардык саясат суу ресурстары жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айрым мыйзам актыларына  Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө, Экологиялык  мыйзамдарга  өзгөртүү  киргизүү тууралуу мыйзам долбоору  экинчи окууда каралды. Анда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулаштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу аталаган мыйзамдын 26 - жана 31- беренелерине өзгртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга К 2, К 3 күйүүчү  майларды сатыкка чыгарууга тыюу салынат. Депутат Алмаз Акматов “Джунда” заводун К4 күйүүчү майын чыгарууга чакырды.

                                        СНХ.А.АКМАТОВ

Агрардык саясат, суу ресурстары жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин  жыйынында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе каралды.  Анда экинчи  окуудагы мыйзам долбоорун депутат Экмат  Байпакбаев алып чыкты. Маалыматка ылайык, мал жандыктарын идентификациялоо эрежелерин жана талаптарын, ошондой эле малдын өлүктөрү көмүлгөн жерлерди кайтарууга алуунун эрежелерин бузгандардын жоопкерчилиги каралат. Бул багытта ой бөлүшкөн депутат  Э.Байпакбаев, -“ Малдарды союу жайларын аныктап, көзөмөлгө алуу зарыл”, - деди.

                                       СНХ.Э. БАЙПАКБАЕВ

Жогорку Кенештин финансы жана бюджет комитети  КРнын өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоцациясынын ортосундагы  “Кыргызстандагы табигый кырсыкардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу”  долбоорун каржылоо тууралуу  макулдашуу долбоорун жактырды. Эки өлкө ортосундагы салыктык мыйзамдардагы жалпы ыкма иштелип чыгат. Бул тууралуу талкууда депутат У.Примов, - “Баардык эл аралык келишимдер жоопкерчилик менен каралышы керек. Индия менен Кыргызстандын ортосундагы соода алакасынын жакшыруусу эки өлкө үчүн маанилүү”, - деп билдирди.

                                           СНХ.У. ПРИМОВ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы маалымдагандай,  2017-жылы 2200 мектеп изилденип, анын 193 окуу жайы оор абалда деп табылса, 89 мектеп жаны курулушка муктаж экени белгилүү болгон.  Депутаттар ар бир финансылык келишимдерге жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарыл экенин белгилешти. Алардын бири депутат Т.Зулпукаров, - “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу менен жараксыз, - деп табылган мектептерде балдар дагы деле билим алып жатышат. Бул өтө кооптуу. Жараксыз деп табылган мектептердин курулуш иштерин аягына чыгарууну тездетиш керек”, - деп өкмөткө талап койду.

                                        СНХТ.ЗУЛПУКАРОВ

                                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен:  29...34 градус ысык болот. Ысык-Көл:23...28, Нарын: 25...30 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 32..34 градус ысык болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 61

Окшош жаңылыктар