ЖАҢЫЛЫКТАР 18.06. 18.

18-06-2018 09:15

Эртең, 19 - июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт. Анда аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой Кыргыз - орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланмакчы. Иш чарага Жогорку Кеңештин, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, ошондой эле эки мамлекеттин Өкмөт өкүлдөрү да катышат. Ушул эле иш чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзинди кабыл алмакчы.

Бүгүн, 18 – июндагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет 34 маселени карайт. Алардын басымдуу бөлүгү билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү. Алардын алгачкысы билим берүү тармагын оптималдаштыруу жагдайына арналат. Бул багыттагы суроолорго Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. Өмүрбекова баштаган өкүлдөр жооп беришет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого сунушталган талапкерлердин маалыматтары да угулмакчы.

Нарын шаарынын жергиликтүү тургундары андагы  райондук оорукананын имаратында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Кургак учукту дарылоо борборунун бирге жайгашкандыгына нааразы.  Чындап келсе, бул көрүнүш эч бир эрежеге туура келбей турган нерсе, - дейт аталган жагдайга кайрылган депутат Чыныбай Турсунбеков.

                   СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Балдардын кардиологиялык хирургиясы жок. Бирок, ага карабай аталган патологияга кабылган балдардын эсеби өсүп жатыптыр. Мындай маалыматтардын статистикасына кайрылган депутат Динара Исаеванын айтымында, акыркы сезгиз жылда жүрөк оорусунан жабыркаган балдардын саны 2 - 3эсеге чейин өсүп кеткен.

                   СНХ.Д.ИСАЕВА

Балыкчы шаарындагы геомедиализ борборун ачкан Мирлан Исагалиев аттуу жараныбыз эл саламаттыгын сактоодо меценаттык кылып, келечектүү иштерди аткарып келет. Ушундай кайрымдуулук иштери арбын жарандарыбызга бюрократиялык бут тосуулар болбошу керек, - дейт депутат Максат Сабиров.

                    СНХ.М.САБИРОВ

Орто Азиядагы саламаттык сактоо тармагындагы абал боюнча Кыргызстан мактанаарлык орунга чыга албай келе жатат. Бул албетте өкүнүчтүү, - дейт депутат Каныбек Иманалиев Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында.Ошондуктан, парламенттик угуу өткөрүп, маселени чукул арада карашыбыз керек, - деп сунуштады эл өкүүлү.

                    СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 –июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Баткен:29...34,Талас:28...33, Ош, Жалал-Абад:30...35 градус ысык болот. Нарын, Ысык-Көл:22...27, бийик тоолуу райондордо 8...13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 32…34 градуска чейин ысыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 111

Окшош жаңылыктар