Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун канааттандырарлык деп тапты

14-06-2018 17:26

Жогорку Кеӊештин кезетеги жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп, суроо-жооп жана талкуу жыйынтыгында Премьер-министрдин отчету канааттандырарлык деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынып, ал аркылуу Өкмөткө кетирилген кемчиликтерди жоюу, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин берген маалыматына караганда, 2017-жылы өлкө экономикасында туруктуулук байкалып, анын иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайызды түздү, ал эми инфляция 3,7 пайыз деӊгээлинде болду. Андан тышкары, өткөн жылы эмгек мигранттарынын акча которуусу 2 млрд 400 млн сомго жетип, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 24 пайызга өскөн. жол курулушуна жалпысынан 4,4 млрд сом, анын ичинде бюджеттен 2,4 млрд сом бөлүнгөнү, айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында 515 миӊ товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берилгени белгилүү болду.

“Өлкө аймагында 339 өзгөчө кырдаал болуп, 1 млрд 700 млн сом көлөмүндө зыян келтирилген. Ошону менен бирге, өткөн жылы калкыбыздын мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына карата ишеними өстү. Эгерде 2016-жылы 10 миӊ макулдашуу түзүлсө, кийинки жылы 65 миӊге жетти”, - деп, өкмөт башчы Өкмөт тарабынан Жогорку Кеӊештин кароосуна 160 мыйзам долбоору киргизилип, анын ичинде 146 мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан тышкы карыздарды кыскартуу, алынган насыялык жана гранттык каражаттарды өз багытында жана сарамжалдуу жумшоо, бюджеттик чыгымдарды азайтуу, бюджеттик каражаттардын жумшалышына көзөмөлдү күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу чараларын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын түзүмдөрү менен кызматкерлеринин санын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, коӊшу өлкөлөр менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин тездетүү боюнча бир катар алгылыктуу ой-пикирлер айтылып, аларды ишке ашыруу жаатында бир катар иштиктүү сунуштамалар берилди.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2413

Окшош жаңылыктар