Өкмөт региондордогу чакан бизнести текшерүүгө мораторий жарыяланаарын, “Жаңы китеп” мамишканасы окуу китептерин басып чыгараарын айтты

14-06-2018 17:07

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга КР Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жетекчилери катышууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдагы аткаруу бийлиги тарабынан аткарылган иштердин жетишкендиктери менен кемчиликтери жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан соң суроо-жооп процедурасы уланды. Депутат Тынчтык Конушбаев аймактардын өнүктүрүүдө айылдардын башкы пландары жоктугун сынга алып, андан улам жер-жерлерде үйлөр баш-аламан салынып жаткандыгын кошумчалады. Депутат Үмбөталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып КР Өкмөт башчысы агрардык тармак менен кайра иштетүү өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулаарын, жеңилөнөржай тармагына мамлекеттик колдоого алып, тоокен, туризм тармагындагы саясат жолго коюла тургандыгын айтты.

Ал эми жарандардын ипотекалык насыя 6%га түшүрүлөрү, аны алуу жана төлөө мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканы белгилүү болду.  Депутат Жанарбек Акаев коомчулук кызуу талкуулап жаткан окуяларга Өкмөт тарабынан ыкчам реакция жасалса деп, экономикалык чоң секириктер болбой жатканын белгиледи.

Депутат Абдывахаб Нурбаев региондордо чакан бизнестерге текшерүүлөр өтө көп болуп жатканына Өкмөттүн көңүлүн бурду. КР Премьер-министри М.Абылгазиев региондордогу чакан бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо боюнча документ даярдалып жаткандыгын маалымдады. Депутат Алмазбек Баатырбеков тендердин мүнөздөмөсүн өзгөртүүнү сунуш кылды. “Антпесе, бүгүнкү күндө эң аз сумма сунуштаган компаниялар тендерди утканы менен курулушпу же башкабы алардын сапатына доо кетүүдө”,- дейт ал.

Окуу китептерин басып чыгаруу жаатында айрым учурларда чет өлкөлөргө тапшырык берип чыгарткан жагдайлар. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов маселе көтөрдү. Өкмөт башчынын айтымында, бул багытта китеп басып чыгаруу боюнча “Жаңы китеп” аттуу мамлекеттик ишкана түзүлүп, мындай жагымсыз жагдай жөнгө салынат.

Мындан сырткары эл өкүлдөрү бир катар мыйзамдар аткарылбай жатканына Өкмөттүн көңүлүн бурду. Ошондой эле билим берүү, маданият тармагындагы обьектилердин электр кубатына болгон төлөмдөрүн жана башка төлөмдөрүн республикалык бюджетке өткөрүү маселесин аткаруу бийлигини астына коюлду. Врачтар менен мугалимдердин пенсиясынын көлөмүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1245

Окшош жаңылыктар