Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси  Робин Орд-Смитти кабыл алды

14-06-2018 16:04

Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд Смитти кабыл алды.

Төрага алгач Улуу Британия Кыргызстан үчүн сыналган жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, акыркы жылдары кызматташуунун натыйжалуу механизми калыптанганын жана аны мындан ары күчөтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле Дастанбек Жумабеков, дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери Улуу Британия өлкөсү тарабынан көрсөтүп келе жаткан саясий жана финансылык-техникалык колдоолорду Кыргызстан жогору бааларын билдирди. Буга кошумча Бириккен Королдук Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоордук-программалар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатканына токтолду.  

“Кыргызстан демократиялык кайра курууларды чыӊдоого багытталган иш-чараларды ырааттуу жүргүзүп келет. Ага ылайык, биздин мамлекет Улуу Британия менен кызматташуу алкагында сот системасынын, адам укуктарын коргоонун жана экономиканы өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин мындан ары чыӊдоону көздөйт”, – деди Төрага.

Андан соң Дастанбек Жумабеков кыска убакыт аралыгында арбын натыйжага жетишкен Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин ишмердүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеӊейтүүнүн жана тереӊдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде элчиси  Робин Орд-Смит Улуу Британия Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларды колдоорун билдирди.  

“Акыркы жылдары бир катар долбоорлорду колдоого алдык жана биздин кызматташтыгыбыз ушундай эле жагымдуу шартта өнүгө берет деген ишеничтемин. Мындан сырткары биз Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө, анын ачык-айкындуулугуна зор маани беребиз. Айрыкча, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы менен ишкерлер ортосунда көпүрөгө айланган Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊешти колдоого алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Инвестиция жаатында британиялык компаниялардын Кыргызстанга кызыгуусу артып жатканы байкалууда”, – дейт элчи Орд-Смит.  

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.       

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2472

Окшош жаңылыктар