Депутат Айнуру Алтыбаева бөйрөк оорусунан жабыркаган Байтемир Найманалиевге акчалай жардам тапшырды

14-06-2018 14:20

Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Найманалиева Анаркүлгө бөйрөк оорусунан жабыркаган уулу Байтемирдин дарылануусу үчүн 30 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам тапшырды.

Белгилей кетсек, өнөкөт гломерулонефрит дартына кабылган Байтемир Найманалиевдин апасы депутат Айнуру Алтыбаевага жардам сурап, кат жазган. Буга байланыштуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылып, натыйжада Дастанбек Жумабеков өзүнүн фондунан 30 миң сом бөлгөн.   

Байтемирдин тез арада айыгып кетишин тилеген Айнуру Алтыбаева, оорулуга жардам берүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине расмий кат аркылуу кайрылгандыгын маалымдады. Учурда аталган мекемеден жооп күтүп жатканын айткан депутат, маселени өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1996

Окшош жаңылыктар