Өкмөт башчы М.Абылгазиев: “Бишкек, Ош шаарларынан алган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү облус борборлорунан алгандай деңгээлге чыгарышыбыз керек”

14-06-2018 13:06

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга КР Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жетекчилери катышууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдагы аткаруу бийлиги тарабынан аткарылган иштердин жетишкендиктери менен кемчиликтери жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан соң суроо-жооп процедурасы уланды. Жыйын жүрүшүндө 2017-жылы өлкөдө спорт тармагы ийгиликтер менен коштолгондугу: эл аралык спорттук иш-чаралардан кыргыз спортсмендери 700дөн ашуун медаль менен кайткандыгы, футбол боюнча курама команда дүйнөлүк рейтингден алдыга жылып, 75 орунга жеткендиги, валейбол боюнча курама команда тарыхта биринчи жолу Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алгандыгы жана башка алгылыктуу мисалдар айтылды.

Депутат Курманкул Зулушевдин суроосуна жооп берип жатып Өкмөт башчы М.Абылгазиев “Энегохолдинг” ишканасына коррупцияга аралашпаган, 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар жетекчилерди алып келгендигин маалымдады. Ал эми ишкананы министрликке айлантуу сыяктуу маселелерди сентябрга чейин иликтеп чыгып, парламент менен чогуу чечүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, М.Абылгазиев саламаттыкты сактоо тармагы боюнча өлкө аймагындагы бейтаптардын баары Бишкек, Ошко келип дарылангандай шарт түзүлүп калгандыгына токтолду. “Ошол үчүн Бишкек, Оштон алган сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү 7 облустун борборлорунан эле алгандай деңгээлге чыгарышыбыз керек”,- дейт.

Депутат Мирлан Жээнчороев күйүүчү майлардын кымбаттоосу боюнча өткөн күздө эле эскертүү берилгендигин, бул багытта интервенция, диверсификациялоо жолдору менен иш алпарылбагандыгын сынга алды. Ошондой эле Талас, Баткен облустарына СИЗО куруу зарылдыгын, башка облустардай эле Ысык-Көл, Талас облустарына күч органдарынын кызматкерлери үчүн үйлөрдү куруу керектигин кошумчалады.

КР Өкмөт башчысы Нарын, Ысык-Көл облустарында май айында жааган кардан кырылган малдын ээлерине көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Район акимдерин ротациялоо зарылдыгын көтөрүп чыккан депутат Айнуру Алтыбаева административдик- аймактык реформа токтоп калгандыгын сынга алды.

Суроо-жооп күндүн экинчи жарымында улантылат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1691

Окшош жаңылыктар