Депутат Курманкул Зулушев: “Энергетика – ири тармак, ошондуктан мурдагыдай эле өз алдынча Энергетика министрлигин түзүү зарыл. Буга кандай карайсыӊар?”

14-06-2018 11:47

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда, депутат Курманкул Зулушев Премьер-министрден Улуттук энергохолдингдин келечек тагдырына кызыкты. Эл өкүлүнүн пикиринде, энергетика – ири тармак, ошондуктан мурдагыдай эле өз алдынча Энергетика министрлигин түзүү зарыл. “Буга кандай карайсыӊар?”, - деп сурады ал.

Өкмөт башчысы азыр бул маселени иликтеп жатканын, анын жыйынтыгында бирдиктүү чечим кабыл алына турганын билдирди. “Менимче, Улуттук энергохолдинг көптөгөн көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн түзүлүп калгандай туюм калтырат. Азыр өлкөнүн энергетика тармагын тейлеген Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине 30 жылдык тажрыйбасы бар, коррупциялык жосундарга аралашпаган эки жетекчини алып келип, аларга бул тармакты оӊдоо жаатында тапшырмалар берилди”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр айрым адистер өлкөнүн энергетикасын 77 тыйындык тариф менен киршелүү тармакка айлантууга болорун айтып жатканын баса белгиледи. “Кыскасы, Өкмөт күзүндө парламенттин кароосуна бул маселе боюнча өз сунушун киргизет, депутаттар колдоп берет деген ойдомун”, - деп кошумчалады ал.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 167

Окшош жаңылыктар