Депутат Бакирдин Субанбеков өкмөт өкүлдөрүн жаштарды спортко тартуу маселесине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды

14-06-2018 11:27

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда, депутат Бакирдин Субанбеков өкмөт өкүлдөрүн жаштарды спортко тартуу маселесине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Премьер-министр өлкө аймагында 2260 мектеп бар экенин, бирок алардын жарымында спорт залдары жоктугун айтты. “Минден ашуун мектептин спорт залы жок. Биз билим берүү мекемелеринин баарын спорт залы менен камсыз кылууга тийишпиз. Ал үчүн инвестиция тартып, аларды курушубуз керек”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, ордо калаага келген оорулуу адамдардын агымын азайтуу максатында, оюлустардын борборлорунда ири ооруканаларды куруп, медициналык тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. “Оорулуу адамдардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Ош шаарларында дарыланат. Биз адегенде облустардагы ооруканалардын деӊгээлин көтөрүп, анан райондун борборлоруна өтүшүбүз керек. Ансыз алардын агымын азайта албайбыз”, - деди өкмөт башчысы.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 183

Окшош жаңылыктар