Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт

19-06-2018 10:00

Эртең 19-июнь күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн Өкмөт өкүлдөрү катышат.

Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер каралып, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланат.

Жыйындын алкагында РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу мерчемделген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 3448

Окшош жаңылыктар