ЖАҢЫЛЫКТАР 14.06. 18.

14-06-2018 09:16

Бүгүн, 14 – июндагы жыйынында парламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун угат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жыл үчүн отчету да бул жолку жыйындын кароосуна чыгарылат. 

Эгерде азыр жер айдоонун гектарына төлөнө турган салык өлчөмү 1800 сомду түзүп жатканда, айылдарды кантип дотациядан чыгара алабыз? Бул чоң суроо экендигин белгилеген депутат Кенжебек Бокоев, - “Мүлк салыгын да айылдарга бердик деген менен анын суммасы жарыбаган каражат болуп калат”, - дейт өкмөттүн отчету угулуп жатканда.  

                          СНХ.К.БОКОЕВ

Кошумча жумуш орундарынын жаңы түзүлүп, ишке берилгени канча? Алардын бюджетке кошкон салымы кандай бааланууда? Бул тууралуу суроолорго кайрылган депутат Аалы Карашев, - айтылган цифралык маалыматтардын ар башка чыгып калып жаткандыгына күмөнсүнгөндүгүн билдирди.

                         СНХ.А.КАРАШЕВ

Буга чейинки иштеп кеткен өкмөт курамына саясый баа берилген жок. Ага макроэкономикалык жагдайларга карап ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселеси жаралган. Мындай пикирин айткан депутат Мыктыбек Абдылдаев, - ар бир айтылган маалымат тарыхый документ болуп саналарын эске салды.

                         СНХ.М.АБДЫЛДАЕВ

Кумтөр менен жаңы түзүлгөн келишимге кандай мааниде кол коюлгандыгы алигүнчө табышмак. Бул купуя сыр кимге белгилүү да, кимге туңгуюк суроо? - деген депутат Алмамбет Шыкмаматов, - “Центерра дагы бир ирет өз кызыкчылыгын коргоп кеткен жокпу?” – деген чоочулоосун билдирди.

                         СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

25-26-июнь күндөрү Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Нарын областынын Ат-Башы районунда көчмө жыйын өткөрүп, жаңы курулган жолдордун абалы менен таанышат. Бул тууралуу тармактык комитеттин олтурумунда депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

                        СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                 ТАСМА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 –июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 25...30, Талас: 23...28, Ысык-Көл, Нарын: 22...27 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14 – июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 27...29 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 35

Окшош жаңылыктар