Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Мавлянова Махабат Эргешовна («Республика – Ата Журт» фракциясы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагалыгына, ал эми депутат Асылбаева Гүлшат Кадыровна («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Махабат Мавлянова менен Гүлшат Асылбаеваны жаӊы кызмат орундарына шайланышы менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, депутат Махабат Мавлянова өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтокон депутат Марат Алманкуловдун ордуна, ал эми Гүлшат Асылбаева өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтокон депутат Абдумажит Юсуровдун ордуна шайланды.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы