Насыя алуучулардын басымдуу бөлүгү коммерциялык банктардын туруктуу кардарына айланбашы керек

13-06-2018 17:32

“Айыл чарбасына каралган пайызы аз насыяларды 14 миңге жакын дыйкан-фермерлер гана алып жатышат. Бул муктаждыкты жабууга деп мамлекеттен субсидия берилет. Быйылкы жылга 1 млрд. 50 млн.сом белгиленген. Ал негизинен банктардын пайызын төмөндөтүүгө гана жумшалып кетүүдө. Мен буга каршы көз караштамын. Кыргыз-орус фондусунанбы, же башка каржы булактарын таап, ошол каражаттар аркылуу кардарларга түз эле кредит берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу керек”, - дейт депутат Зиядин Жамалдинов бүгүн, 13- июндагы “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Ошондой эле депутат, - “Насыя алып жаткандардын басымдуу бөлүгү туруктуу кардарга айланып алышкан. Мүмкүн болсо алардын тизмеси улам жаңыртылып, кредит алуучулардын катары кеңейип турушу керек”, - деп да кошумчалады. Ошондой эле ал, - керек болсо, мамлекет 25 млрд. сомдук каражатты сунуштаса, насыя алып ирденип алчулар көп болмогун да белгиледи.

Үстөк пайызы төмөн саналган негизги банк “Айылбанк” ААКсы.  Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Акимов да радиопрграммага катышып, региондорду өнүктүрүү, жаңы иш орундарын түзүү багытындагы каржылоо иштерин айтып берди

“Үстүбүздөгү жылы эле “Айылбанк” тарабынан 6 млн. сом таратылган. Аны алгандардын 83%ы элеттин тургундары. Үйлөрүн сел жууп кеткен жарандардын маселесин чечүүгө да каражат каралып, ипотекалык насыялоо иштерине да катышып жатабыз”, - дейт “Айылбанктын” жетекчиси. 

Ошондой эле адистин айтымында, азыркы тапта “Айылбанктын” кызматынан пайдаланган кардарлардын жалпы эсеби 60 миңге жетти. Ал эми айыл чарбасын каржылоо иштерине деп быйылкыга 1 млрд. 800 млн. сом каралган. Анын 1, 5 мдрд. сому таратылды.

Насыя алып жаткан кардарларга келишимдик маалыматтардын так түшүндүрүлүшү үчүн банк адистеринин кесиптик деңгээли чоң мааниге ээ. Ошондуктан, адистердин даярдыктарына өзгөчө көңүл бурулат, - дейт “РСК банк” ААКнын персоналдар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Самат Ниязбеков. 

“РСК банк” ААКнын региондордо иштеп жаткан 51 бөлүмчөлөрү бар. Алар “Кыргызпочтасы” менен да кызматташтыкты улантууда. Себеби, айлык маяналарды карточкалык тарипте таратууда алыскы айыл тургундарына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек. Бул жагынан жетишпөөчүлүк жок, - деди “РСК банк” ААКнын өкүлү.

Ал эми банк менен кардарлардын ортосунда түзүлүп жаткан келишимдин майда ариптер менен терилгендиги да көйгөй жараткандыгы айтылып келген. Бирок, бул Улуттук Банк тарабынан бекитилген талапка ылайык, 12 – ченемдеги тамгалар менен жазылат, - деп түшүндүрдү адис. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 505

Окшош жаңылыктар