Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 13-июнунда өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

13-06-2018 16:24

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2 -окууда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2017-жылдын 29-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.05.18деги № 226 токтом);

- “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Исаков М.А., Сурабалдиева Э.Ж., Иманалиев К.К., Баатырбеков А.Б.);

- “Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Салык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Нурматов К.С., Токтошев Э.Т., Жунус уулу Алтынбек, Жамалдинов З.И., Мадеминов М.Г., Райымкулов Б.К., Жээнбеков А.Ш., Туманбаева Р.М.);

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Керезбеков К.К., Никитенко Н.В., Бакиров М.И., Токторов А.С.).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.03.18деги № 162 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 172 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык ассоциациясынын/Бүткүл дүйнөлүк реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.03.18деги № 155 токтом);

- “2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.18деги № 104 токтом);

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Строкова Е.Г., Турсунбаев А.А.);

- “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Кодуранова А.С., Жамангулов А.Ж., Исмаилова А.Ж., Нурбаев А.М., Касымалиева А.К., Каримов Н.Т., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Омуркулов И.Ш., Акаев Ж.К., Аманкулов М.А.,
Сарсейитов И.З., Примов У.Б., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Токторов А.С., Никитенко Н.В., Момбеков Р.Ч. жана
Өкмөт, 29.11.17деги № 777 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 844

Окшош жаңылыктар