ЖОЖдордо контракттык бөлүмдөрдө окуй турган жаштарга жеңилдетилген насыя берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

13-06-2018 15:52

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жогорку билим берүү жана ЖОЖдордо окуу үчүн жеңилдетилген билим берүүнү насыялоого багытталган. Тагыраак айтканда, долбоор аркылуу жогорку окуу жайларда (ЖОЖ) контракттык бөлүмдө окуй турган жаштарга жеңилдетилген насыя берүү, жана аны кайтарууну жогорку билим алгандан кийинки мезгилге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максаты коюлган.

Бул система студенттерге жеӊилдетилген негизде жогорку билим алууга мүмкүндүк берүү менен эле чектелбестен, стимул берүүнүн бүтүндөй бир системасын түзөт. Анда жаштар жогорку билим жөнүндө диплом алууга эле умтулбастан, аӊ сезимдүү түрдө өз өлкөсүндөгү мыкты жогорку окуу жайларды тандайт, ушуну менен жогорку окуу жайлардын сапатына карата талаптарды жогорулатат. Ошону менен катар ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатынын да жогорулашын шарттайт.

Студенттерге насыялар кантип берилери боюнча мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгылат. Мындан сырткары, контракттык төлөмгө насыя алып окуган студент менен окуусун бүткөндөн кийин чектелген жерге барып иштөөсү боюнча тиешелүү келишим түзүлмөкчү. 1-окуудагы талкууда студенттер насыя алуу боюнча келишимди банктар менен эмес, университеттин өзү менен, башкача айтканда, студент, университет, банк болуп үч тараптуу келишим түзгөндөй кылуусу сунушталган.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Строкова Е.Г., Турсунбаев А.А.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 700

Окшош жаңылыктар