Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүчү кызматка өндүргөн каражаттын бир бөлүгүн стимул катары берүү кайчы пикирлерди жаратты

13-06-2018 15:35

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко алып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик орган 25 жылдан бери иштеп келе жатат. Азыркы тапта 340 кызматкер,150 опер кызматкер, 84 тергөөчү бар. Бирок алардын ишин жөнгө салуучу мыйзам жок. Андыктан сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган органдын ишинин принциптерин аныктоо, эмгектик, укуктук абалды, социалдык кепилдикти жана кызматкерлерди коргонуу укуктук жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Наталья Никитенко 2-окууда кароодо долбоорго бир катар сунуштар келип түшкөндүгүн, ага ылайык, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик орган деген сөздүн ордуна ыйгарым укуктуу орган деп өзгөртүү кабыл алынган. Мындан сырткары, Гүлшат Асылбаева, Нурлан Кадыкеев сыяктуу депутаттар, жанабашка тараптардан келип түшкөн сунуштардын негизинде мыйзам долбоору мурункудан кыйла өзгөрүүгө учураган. Депутат Мирлан Бакиров экономикалык кылмыштуулуктун бетин ачуу менен өндүрүлгөн каражаттардын 30%ы бул кызматка берүү менен кызматкерлерге стимул болуп жаткандыгын тактады. Мындай жол менен стимулдаштыруу маселеси боюнча депутат Дастан Бекешев мамлекеттин каражаттарын жогорудагыдай кызматтарга стимул катары берүүгө каршылыгын билдирди. Депутат Мирлан Жээнчороев мындай шартта бул кызматтын кызматкерлеринин айлыгын татыктуу деңгээлге көтөрүп берүү, андай болбосо өндүрүлгөн каражаттан стимул катары берүү зарыл деген пикирин ортого салды. Комитет төрайымы бул маселе өзүнчө талкуу жарата турган тема экенин айтты. Депутат Бакыт Төрөбаев экономикалык кылмыштуулук боюнча резонанс жараткан иштерди аягына чейин чыгарууну сунуштады. Ошону менен катар атамекендик өндүрүүчүлөргө атаандаштык уюштуруп берип, колдоо көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 803

Окшош жаңылыктар