ЖАҢЫЛЫКТАР 13.06.18

13-06-2018 07:39

“Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болгондугуна былтыр туура 25 жыл толгон. Ушул чейрек кылым аралыгында биргелешкен бир катар өлкөбүздүн демократиялык шартта туруктуу өнүгүшүнө багытталган долбоорлор ишке ашырылды. Саясый чөйрөдө Кыргызстандагы шайлоолордун ачык-айкын өтүүсүнө БУУ көрсөткөн колдоосу зор. Атап айтканда, жаңы маалыматтык-технологиялардын жардамы менен 2015-2017-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон кол – кабышты айтсак болот”, – деп билдирди Төрага Дастанбек Жумабеков Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонния Ожиеллону кабыл алып.

Бүгүн, 13 – июндагы жыйынында Жогорку Кеңеш  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  2017-жылдагы иши жөнүндөгү отчетун талкуулайт. Ошондой эле  жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүп жаткан чаралар жөнүндө “Өкмөттүк саат” саат 14.00дө башталат.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет «Ден соолук» программасын каржылоо жөнүндөгү макулдашууга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү камтыган макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Ага ылайык, 2017-2018-жылдарга карата «Ден соолук» программасын колдоо үчүн 10 млн. 950 миң евро караштырылууда.

Ишкерлерди жана дыйкан – фермерлерди колдоо багытындагы каржылоо иштеринде да бир топ жылыштар бар. Бул тууралуу КР Премьер – министри Мукаммедкалый Абылгазиев 2017- жылдагы өкмөттүн отчетун баяндоодо билдирди.

                              СНХ.М.АБЫЛГАЗИЕВ

Сыртка чыгарылып жаткан алтын концентранттарын канткенде көзөмөлгө ала алабыз? Болбосо, алтын кендери сыртка чыгып кетсе, ал ресурстурдын кайра калыбына келбей турганы түрү. Аны сактап калууга аяр мамиле жасашыбыз, -керек, -дейт депутат А.Алтыбаева.

                              СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да бүгүнкү олтурумда экинчи окууда каралат. Анда жогорку билим алууда социалдык кредиттердин берилиши тууралуу сөз болот. Ошондой эле эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса анын ишке кирүү мөөнөтү 2019 – жылдын 1- январынан баштап жүзөгө ашырылат. Демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашевдин маалымдашынча, буга чейинки мыйзам долбоорунда жогорку билим алууга жеңилдетилген кредиттер деп белгиленген болсо, азыркысында жалпылаштырып, жогорку билим алууга зарыл болгон социалдык кредиттер болуп  өзгөртүлдү.

                              СНХ.А.КАРАШЕВ  

Ар бир студенттин укуктары бирдей корголушу керектигин айтып, мисалы, БААУдагы студент менен Агрардык университеттин студенти керектүү каражатты алууда теңме – тең  мүмкүнчүлүктөрдөн колдонушу шарт, - деген талапты депутат Садык Шер – Нияз койду.

                             СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Коңшу Казакстанда “Болочок” программасынын иштеп, анын катышуучуларынын алды министр, министрдин орун басары болуп калгандыгын депутат А.Касымалиева айтты. Кайсыл адистиктерге суроо – талап жогору экендигин так тактап алуу зарылчылыктарына да токтолгон депутат бул багытта  натыйжалуу иш жүрсө,  - деген тилегин билдирди.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                        ТАСМА

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13 - июнда кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 30...35, Талас: 27...32, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 31...36 градус ысык болот. Ысык-Көл: 23...28, Нарын: 22...27  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-июнда июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  32...34  градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 35

Окшош жаңылыктар