Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабеков РФ Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володинди Россия күнү менен куттуктады

12-06-2018 13:09

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге Россия күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.  

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан Сизди жана Мамлекеттик Думанын бардык депутаттарын Россия күнү менен куттуктайм!

Бүгүнкү жаңыланган ааламдашуу шартына жана эл аралык туруксуздукка карабай Россия туруктуу өнүгүү саясатын тынымсыз улантуу менен дүйнөлүк алкакта мамлекеттик позициясын татыктуу бекемдеп келет.

Биргелешкен жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүп жаткан кыргыз-россия мамилесин терең канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын ортосундагы кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын байланыштарын чыңдоого салым кошот деген ишеничтемин. Буга кошумча эки элдин кызыкчылыгына шайкеш келген парламенттер аралык диалогду тереңдетүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигибизди билдирем.

Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук, бакыт жана мамлекеттик жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм. Ал эми Россия элине тынчтык жана өнүгүүнү тилейм!”

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 726

Окшош жаңылыктар