ЖАҢЫЛЫКТАР 12.06.18

12-06-2018 09:13

Бүгүн, 12 – июнда  Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын абалы жана өнүгүүсү тууралуу маселени карап, Кыргыз Республикасынын өнөр - жай тармагынын абалы жана өнүгүүсү жөнүндөгү теманы да талдоого алмакчы.  «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун, “Республикалык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу магистралдык өндүрүштүк бирикмеси» («РПО РМТР») ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине караштуу Байланыш агенттигинин 2017-жыл үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын кароосуна чыгарылат.                          

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү”  жарлыктын алкагында “Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү” аракеттери талкууланды. Жыйынды фракция лидери Бакыт Төрөбаев ачып, областтарда жумуш орундарын түзүүдө МТС, “Жарык шаар” долбоорлору үлгү боло ала турагандыгын белгиледи.

                         СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

КР Өкмөт өкүлү Данияр Иманалиевдин айтымында,  "Айыл чарбаcын каржылоо – 5" долбоорунун негизинде дыйкан – фермерлердин 15 миң товар өндүрүүчүсүнө жеңилдетилген кредиттер берилген. Кыргыз –орус өнүктүрүү фондусу аркылуу 276 млн. долларга жаңы долбоорлор да даярдалган.

                         СНХ.Д.ИМАНАЛИЕВ

“Аймагында базарлары бар айылдардын бюджети 10 эсеге чейин жогорулаган фактылар бар”, - дейт депутат Абылкайыр Узакбаев “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын көчмө жыйынында. Депутат ошондой эле дем берүүчү гранттарды 3 эсеге жогорулатууну сунуштады.

                        СНХ.А.УЗАКБАЕВ

“Банктарга болгон көз карашым бир топ өзгөрүп, ынанымым бекемделди” – деген депутат Тынчтык Шайназаров дагы, -“Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү,  канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеп аракети күчөмөк”, - дейт.

                        СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Депутат Зиядин Жамалдинов, - 453 айыл өкмөтүнө бирден - экиден трактор алып берүү мүмкүнчүлүгү бар каражат булактарын караштырып, ага 5-7%дан насыя берсе болот, - дейт. Болгону кредитке бюджеттин каражатын колдонбош керек, - деп кошумчалады депутат. 

                        СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Аэропорт маселесине келгенде депутат Алтынбек Жунус уулу Талас аэропорттун ичинде хансарайлар салынып кеткендигин мисалга келтирип, аэропорт аянттарын тактоо зарылчылыктарын айтты.

                       СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                               ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 - июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 27...32, Талас: 26...31, Ош, Жалал-Абад: 28...33, Баткен: 29...34 градус ысык болот. Ысык-Көл: 22...27, Нарын: 21...26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12-июнда июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.. Абанын температурасы   28...30 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 30

Окшош жаңылыктар