ЖАҢЫЛЫКТАР 11.06.18

11-06-2018 09:16

Бүгүн, 11 – июнда    Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынында  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт.  Анда жогорку билим алууда социалдык кредиттердин берилиши тууралуу сөз болот. 

 

Ушул аптанын жума күнү, тагыраагы 15-июнда Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет депутат И.Карамушкина тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» («Жарандык коргонуу жѳнүндѳ», «Коммерциялык сыр жѳнүндѳ») мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угуу ѳткѳрѳт.

 

Кореяга барып иштеп келүү максатында жумушчу виза алам дегендер май айынын башында ортомчу компанияларга кайрылып, документтерин тапшырышкан. Бирок, бул процесс узакка создугуп кетти. Эмдигиче кайрылган жарандар же визадан, же паспортторунан же  акчаларынан жок, кимден жардам сураарын билбей олтурушат, - дейт депутат Улан Примов.

                              СНХ.У.ПРИМОВ

Жылытуу системаларын экологиялык жактан пайдалуу,  экономикалык жактан үнөмдүү шартта колдонуу зарыл. Бул үчүн газга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып көрүү керек. Мындай сунушту көтөргөн депутат Дастан Бекешев  Өкмөткө негиздүү сунуштары менен кайрылды.

                             СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Бишкек шаарындагы жолдорду салууда кесек шагылдарды колдонуу менен асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул жаңыча ыкма болгону менен кышкысын суу тийсе, тоңуп асфальттын жарылуусуна алып келбейби? Мындай кооптонуусун депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

                             СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Республикалык бюджеттин капиталдык курулушка деп бөлүнгөн каражаттардын башка багыттарга жумшалып жатканы туура эмес. Бул жагына кылдат көзөмөлдүк керек, - дейт депутат Нурбек Алимбеков.

                             СНХ.Н.АЛИМБЕКОВ

"Бүгүнкү күндө 90 327 объектилерге биз жооп беребиз. Эки жылдын ичинде эле 171 жаранга 18 млн 576 миң 679 сом төлөндү. Ал эми Чоң - Алай жергесинде жабыр тарткан жарандарга 7 млн сом бөлүнгөн. Ушул жылдын беш айда 88 жаранга жардам көрсөтүлдү. Анын 82си шамалдан, алтоосу өрт кырсыгынан жабыркагандар", - дейт Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева.

                              СНХ.Ж.ЭГЕМБЕРДИЕВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен Ашым Полотов тааныштырат.

                                       ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй: 24...29, Талас: 23...28, Ысык-Көл, Нарын: 17...22 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад,Баткен: 26...31градус ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  27...29 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 34

Окшош жаңылыктар