ЖАҢЫЛЫКТАР 08.06.18

08-06-2018 08:34

Бүгүн, 8 – июнда    «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны Ош шаарында өтөт. Бул жолку көчмө жыйында  Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү”  жарлыгынын алкагында “Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү” аракеттери каралат. 

Ушул эле күнү “Жашыл экономика” концепциясын иштеп чыгуу жана аны колдонууга киргизүү боюнча депутаттык жумушчу топ менен биргеликте Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет парламенттик угуу өткөрөт. Саат 11:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтүүчү иш чара “Парламент” радиосу аркылуу түз уктурулат.  

“Эйр Кыргызстан” компаниясынын банкрот болушу менен компания Социалдык фондго жана кызматкерлерге 10 млн сом карыз болуптур, - деген депутат Тазабек Икрамов, - Өкмөттөн аталган компания жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону талап кылды.

                              СНХ.Т.ИКРАМОВ

“Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун, Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун акимдеринин жең ичинен жемкордук кылганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында байма – бай материалдар жарыяланса да кабагым – кашым дебей олтургандары кандай?” – деген суроону депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин кечээки жыйынында айтып чыкты.

                              СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

КР Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигиндеги коррупциялык аракеттерге кайрылып жемкорлук темасын уланткан депутат  Жыргалбек Турускулов, - “Кыргызстан аймагынан кайың козу карындары чыгарылып жаткандыгы көбөйтүлгөн көрсөткүчтөр менен коштолууда. Кыргызстанда мындай көлөмдө козу карын топтоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул ачык эле жасалма документ менен акча кымыруунун жолу”,- дейт.

                              СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

Жергиликтүү айыл чарба продукцияларынын Россия чек арасынан ар кандай себептер менен кайра кайтып келишине Кыргызстандын ЕАЭБге киргени деле жардам бере албай жатканы кандай? Бул суроону депутат Зиядин Жамалдинов көтөрүп,  мындай көрүнүштөр байма-бай кайталанып жаткандыгына КР Өкмөтү эмнеге көңүл бурбайт? – дейт.

                              СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ  

Кечээ, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлдөрү АКШнын Кыргыз  Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү инсаны Алан Мельтцер баштаган делегация менен жолугушту. Диалогдун жүрүшүндө кыргыз жарандарынын, чет өлкөлүктөрдүн бала асырап алышына жол бере турган ички жана эл аралык документтердин мазмуну талкууланды. Жолугушууда депутат Садык Шер – Нияз, - “Мамлекеттин негизги саясаттарынын бири – ар бир баланын үй – бүлөдө тарбияланышын камсыздап, алардын укуктарын коргоо болуп саналат”, - деп белгиледи. Ошондой эле ал - парламенттин балдар укуктарын коргоо боюнча укуктук - нормативдик актылардын базасын өркүндөтүү жаатында негиздүү иш алып барып жаткандыгын айтты.

                              СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен Ашым Полотов тааныштырат.

                                       ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 27...32 градус ысык болот. Ысык-Көл, Нарын: 19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8 - июнда өтүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 29...31 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 154

Окшош жаңылыктар