ЖАҢЫЛЫКТАР 07.06.18

07-06-2018 08:55

Бүгүн, 7 – июндагы жыйынында  Жогорку Кеңеш  адеп “Ар кандай маселелер” саатына кайрылат. Андан соң,  “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууланмакчы. Бир нече ратификациялык мыйзам долбоорлору менен катар  “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда каралат. Ушундай эле окуунун режиминде  “Сымап камтылган товарларды ташып келүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам  долбоору да бар.

“Жогорку сот жана жергиликтүү соттор тууралуу” КР мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр парламенттин тармактык комитетинде каралып, кеңири талкууланды. Аталган өзгөртүүлөрдүн 14-беренесинин 3-пунктунда сот тажрыйбасы жана статистикасы туурауу айтылгандарга КР Жогорку Сотунун төрайымынын орун басары Феруза Жамашева төмөндөгүчө түшүндүрмө берди.

                         СНХ.Ф.ЖАМАШЕВА

Жогорку сот жана жергиликтүү соттордун бюджет долбоорлору КР Бюджеттик кодексинин чектеринде каралып, макулдашуу үчүн соттор кеңешине жөнөтүлөт. Эмнеге соттор өз бюджетин өкмөттүн макулдугу жок эле өзү коргой албай калды? Мындай суроону депутат Курманкул Зулушев койду.

                         СНХ.К.ЗУЛУШЕВ

Өкүм чыккандан кийинки абал эмнеге жаны жагдай болуп саналат? Негизи экспертизалар өкүм чыкканга чейин өткөрүлгөнү туура го? Болбосо жаңы жагдай саясый таасирлерден кийин гана пайда болчу көрүнүшпү?  - дейт депутат Айнуру Алтыбаева.

                         СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Кечээ Жогорку Кеңеш КТРКнын 2017 – жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматын укту. Бул боюнча талкууда депутат Талант Мамытов байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кандай статуска ээ болуп, аларга маяна алуу жагы каралган – каралбагандыгына кызыкты.

                         СНХ.Т.МАМЫТОВ

Телекөрсөтүү системасы кыйла өзгөрүп, санариптик ыкманы кабылдаганы менен, бюджеттик колдоо жагынан эч өзгөрүү боло элек. Талап коюудан мурда коңшу мамлекеттердин телеберүү тармагына үңүлүп көрүү керек го? – дейт КТРКнын Башкы директору Илим Карыпбеков парламенттин кечээки жыйынында.

                         СНХ.И.КАРЫПБЕКОВ  

Депутат Эмиль Токтошев, - КТРК бир тараптуу маалымат таратууга ыктап алды. Муну мезгил көрсөтүүдө, - деген пикирин билдирип, ар – намыс жоголгондугуна нааразы болду.

                        СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Би-Би-Си, “Азаттык” телерадиолоруна тең келе албай калган КТРКнын азыркы дарамети үчүн Байкоочулар кеңеши жоопкерчлик алабы? Отставкага кетүүгө даярбы? – деген суроолорду депутат Каныбек Иманалиев көтөрдү.

                        СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Жайыл РИИБдагы 28 – майдагы болгон каргашалуу окуяда Турдалы кызы Бурулайдын каза болгондугу тууралуу ИИМдин маалыматы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралды. Анда депутат Айнуру Алтыбаева элдин ИИМ органдарына болгон ишними өтө төмөндөп кеткендигин билдирип, жогорудагы окуя болгон Жайыл районундагы тартпп сакчыларына берилген эл ишними 3-4 %га кескин төмөндөп кеткендигин билдирди.

                         СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен Ашым Полотов тааныштырат.

                                ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 27...32, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 28...33 градус ысык болот. Талас: 25...30, Ысык-Көл: 21...26, Нарын: 20...25  градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 7 - июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы  30...32  градус ысык болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 64

Окшош жаңылыктар