Коомдук каналдын ишмердүүлүгүнө калк тараза, эл калыс!

06-06-2018 17:09

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин курамы Президент, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом тарабынан көрсөтүлгөн өкүлдөрдөн турат. Ошондуктан көз караштардын плюрализми болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болгондуктан,  андан трагедия жасоонун кереги жок, - дейт КТРКнын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев бүгүн, 6-июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. 

“Бул жолку Байкоочулар кеңешинин курамы аталган жамааттагы туруктуулукту сактоого салым кошту. Айрымдар ачык эле айтып жатышат, буга чейинки Байкоочулар кеңешинин кээ бир өкүлдөрүнүн жамаатты жаат – жаатка бөлгөн учурлары деле болуптур. Биз ага жол берген жокпуз. Коомдук телеканалда иштеп жаткан кызматкерлердин башын ушак – айыңга байлабай, аларга чыгармачылык эркиндик берилиши керек”, - дейт Жыпар Жекшеев азыркы Байкоочулар кеңешинин негизги айырмачылыктарына токтолуп. 

“Мамлекеттин негизги идеологиясын сактай турган, мамлекеттин багытын аныктай турган, улуттук коопсуздукту коргой турган -  бул  массалык маалымат каражаттары. Ошондой ири милдетти мойнуна алган, мамлекеттен 70% каржылык колдоо көрүп олтурган коомдук телеканал кыргыз жарандарын каралап, акыйкатсыз маалымат жеткирип жатканы  -  бул  трагедия”, - дейт коомдук каналдын ишине ынана бербеген КТРКнын Байкоочулар кеңешинин өкүлү Азамат Болгонбаев да парламенттик радионун түз эфирине келип. 

Ошондой эле уктурууда КТРКга алынган адистештирилген техникалардын сапаты менен анын иштөөсүнө берилген кепилдик тууралуу да өзүнчө сөз болду.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 429

Окшош жаңылыктар