ЖАҢЫЛЫКТАР 06.06.18

06-06-2018 08:35

Бүгүн, 6 – июндагы жыйынында  Жогорку Кеңеш июнь айындагы  календарлык иш планын бекитет. “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору да бул жолку олтурумдун негизги маселелеринин бири.  “Ломбарддардын иши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо үчүнчү окууга чыгарылат. “2018-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып,  2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын ар жылдык маалыматы да бул жолку жыйында угулмакчы. 

“Маалымдалгандарга караганда, операцияларды (бүтүмдөрдү) жана каражаттарды бир калыпта кармоо” жана “террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси” бирдиктүү терминдерин колдонуу үчүн “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ал Кыргыз Республикасы БУУнун мүчө мамлекети болуп саналгандыгы менен негизделет. Талкууда депутат Алмазбек Токторов, - “Эгерде кимдир бирөөлөр баалуу мүлкүн ири суммага сатып, бирок анын анык баасын көрсөтпөстөн, капиталды сыртка чыгарып кетсе ага кимдер көңүл бурат? Финансылык иликтөө иштерин ким жүргүзөт?”, - деген суроо менен баяндамачыга кайрылды.

                         СНХ.А.ТОКТОРОВ

Ал эми депутат Садык Шер – Нияз, - сыртта издөөдө жүрөт дегендердин чет мамлекеттердеги эсеп каражаттарын “тоңдуруп” койгон фактылардын бар – жоктугун тактады.

                         СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ  

Кумтөрдөн кем эмес киреше бере турган тармак бар. Ал өлкөгө келип жаткан телефондордун атайын каттоодон өтүшү. Эгер ал ишке ашса, колдонуудагы телефондорду тыңшоонун деле зарылчылыгы жок болуп калат. Анткени, катталган телефондун ээси белгилүү болуп калат, - деген пикирин депутат Чыныбай Турсунбеков эл аралык комитеттин жыйынында билдирди.

                         СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет кечээки жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Бул маселе депутаттар А.Нурбаев, Ж.Акаев, М. Исаков жана Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленүүдө.

Талкууда депутат Каныбек Иманалиев, -“Кыргызстандын аймагында сейсмикалык жактан туруксуз деген белгилүү жерлер бар. Андагы тургундар улам бир ссуда алып, ылайдан тамды чампалап салып алышат. Кайра эле кийинки жер силкингенде көйгөйгө кабылышат. Ошондуктан фин үлгүсүндөгү гана үйлөрдү колдонсок маселе чечилип, жакшы болмок”, - деген пикирин билдирди.

                         СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Медициналык багытта билим алып жаткандар ординатураны улантууда дагы тереңирээк тажрыйба алсын, - деп окуу мөөнөтү узартылган. Эми аны кайра карап чыгуу талабы жаралгандыктан, бул суроо Социалдык маселелер боюнча комитетте каралды. Бул тууралуу даярдалып жаткан ЖК токтом долбоорун депутат Жанарбек Акаев колдоорун билдирди.

                         СНХ.Ж.АКАЕВ

Алыскы Ала – Бука, Чаткал, Аксы райондорунда жок дегенде кары – картаңдар менен жаш балдарга каралашып, аэропортту ишке киргизип беришсе, Өкмөткө батасын берчүлөр четтен чыгат. Айрыкча сыркоолоп калгандар борборго келүүдө жол азабын тартып, кыйналып жатышат, -дейт депутат Алмазбек Эргешов Транспорт, коммуникациялар жана архитектура боюнча комитетинин кечээки олтурумунда.

                         СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен штаттан тышкаркы кабарчы Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                ТАСМА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй: 26...31, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 27...32 градус ысык болот. Талас: 24...29, Ысык-Көл: 20...25, Нарын: 19...24 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 6-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы  29...31  градус ысык болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 87

Окшош жаңылыктар