ЖАҢЫЛЫКТАР 05.06.18

05-06-2018 08:47

Бүгүн, 5 – июнда Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. Бул маселе депутаттар А.Нурбаев, Ж.Акаев, М. Исаков жана Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленүүдө.

Расмий маалыматтарга таянганда өлкөгө келип жаткан импорттун көлөмү 70%ды түзөт. Мисалы, ЕАЭСке киргенде деле каттого алынбаган товарлардын агымы токтогон жок. Ал эми экспортко товар чыгарбаганыбыз менен, акчаларыбыз пакеттерге салынып, сырт жактарга кетип жатканы кабатырлантат, - дейт “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев фракциянын көчмө жыйынында.

                    СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Кыргыз – Түрк ооруканасынын ишке кириши жакшы жышаан. Элге түзүлгөн заманбап ыңгайлуулук. Бирок, анын болгону 72 орунга эсептелгени чакан маселе. Ошентсе да анын ар бир документине Президенттин кол коюшу канчалык зарыл эле? Бул суроо депутат Акылбек Жапаров тарабынан тармактык комитет жыйынында көтөрүлдү.

                    СНХ. А.ЖАПАРОВ

Ысык – Көлдүн туризмин өнүктүрүүдө экологиялык маселелер эле эмес, маданий массалык иштерге да көңүл буруу керек. Ири иш чаралар “Рух - ордо” менчик жайында эмес, мамлекеттик жайда өтүшү кажет. Мындай пикирин депутат М.Сабиров көл өрөөнүндө өткөн фракциянын жыйынында билдирди.

                    СНХ.М.САБИРОВ

Депутат Аида Исмаилова "Кырчын" жайлоосунда тигилген боз үйлөрдө санитардык нормалар сакталбагандыгын айтып, быйылкы жылы бул жагынан кандай өзгөрүүлөр болоруна кызыкты. 

                    СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Калдарбек Баймуратов көл аймагындагы коомдук тамактануучу жана унаа жуучу жайлардын текшерилишин талап кылып, фильтрлерди жайгаштыруу зарылчылыктарын белгиледи.  

                    СНХ.К.БАЙМУРАТОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен штаттан тышкаркы кабарчы Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

5-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы  Чүй: 23...28, Талас: 21...26, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 24...29, Ысык-Көл, Нарын: 18...23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9м/с. Абанын температурасы 26...28 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 118

Окшош жаңылыктар