Ысык-Көл облусунун аймагында жалпысынан 183 айыл болсо, анын 40 пайызынын гана башкы планы бар

01-06-2018 11:40

Депутат Максат Сабиров, - “Көл жээгиндеги курулуштардын жээктен 500 метр алыстыкта болушу шарт делген менен, ал жок дегенде 300 метр аралыкта болсун деген сунуш да толук колдоо таба албай жатат. Мындай болгон соң, жок дегенде таштандыларды тазалоонун тартибин жолго коюу керек”, - дейт "Республика - Ата - Журт" фракциясынын Ысык - Көл областында өтүп жаткан көчмө жыйынында.

Ысык – Көлдүн башкы планы да маанилүү маселе. Ал 2013- жылдан бери иштелип жатат. Бул багытта демилгечи катары депутат М.Сабировдин мээнети күч, - дейт “Ысык- Көлкурорттуризм” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Эсенжан Бекбашев. Башкы планга, - деп  Өкмөт тарабынан 30 млн. каралып, 25 млн. өздөштүрүлгөн. Быйыл иш толугу менен бүткөрүлөт. Көл кылаасында бардыгы 183 айыл бар. Анын 40%ынын башкы планы бар, 60%ыныкы жок. Жети-Өгүз, Тоң райондорундагы айылдардын 90%ынын башкы пландары түзүлө элек, - дейт жергиликтүү адис.

Депутат Таабалды Тиллаев дагы башкы планды тездетүү зарылдыгын белгилеп, буга Кумтөр колдоо көрсөтүшү керек, - деди.  

Ысык – Көлдүн туризмин өнүктүрүүдө экологиялык маселелер эле эмес, маданий массалык иштерге да көңүл буруу керек. Ири иш чаралар “Рух - ордо” менчик жайында эмес, мамлекеттик жайда өтүшү кажет. Мындай пикирин билдирген депутат М.Сабиров көл өрөөнүндө “Бир айыл – бир продукт” долбоорунан башка өндүрүш иши жокко эсе болуп жаткандыгына да кейиди.

Депутат Аида Исмаилова болсо "Кырчын" жайлоосунда тигилген боз үйлөрдө санитардык нормалар сакталбагандыгын айтып, быйылкы жылы бул жагынан кандай өзгөрүүлөр болоруна кызыкты. 

Депутат Калдарбек Баймуратов көл аймагындагы коомдук тамактануучу жана унаа жуучу жайлардын текшерилишин талап кылды.

Ошондой эле депутаттын көтөргөн дагы бир суроосу - жолдун сапаты тууралуу болду.  Ага жооп берген адистердин айтымында, Тору – Айгыр айылынан Корумдуга чейинки 63 км жол тилкеси быйыл асфальтталат. Бул туристтерге каралган шарттын бири.

Депутат Акылбек Жамангулов "Ысык - Көл" биосфералык дирекциясынын аткарып жаткан иштерине кызыкты. Ошондой эле эс алуу жайларындагы кадр саясатындагы ыкшоолукту сынга алды.

Көчмө жыйын соңунда КР Өкмөтүнүн Ысык - Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн туризм жана экология багытындагы маалыматтары эске алынсын, - деп табылды. Ошондой эле "Ысык - Көл областынын экологиялык -экономикалык тутумун өнүктүрүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна сунушталат.  Андан тышкары аталган областтагы уран калдыктары тууралуу маселелер боюнча да маалыматтар угулмакчы.

"Ысык - Көлдү өнүктүрүү" фондусунан айыл өкмөттөрүнө каралган каражаттардын өздөштүрүлүшү боюнча Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп, Эсептөө палатасы да бул иште өз тыянагын чыгарсын, - деген талаптар ушул жылдын 22-июнуна чейин "Республика - Ата -Журт" фракциясына маалымдалсын деп белгиленди.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1075

Окшош жаңылыктар