ЖАҢЫЛЫКТАР 01.06.18

01-06-2018 08:44

Бүгүн, 1 – июнда  КСДП фракциясы Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү темасын талкууга алып чыгат. Бул багытта КР вице – премьер – министри Алтынай Өмүрбекова баяндама жасайт. Ал эми “Республика – Ата – Журт” фракциясы Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүп, Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелерине кайрылат. Бул темадагы КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Узарбек Жылкыбаевдин баяндамасы угулмакчы. “Өнүгүү – Прогресс” фракциясы дагы бул жолку олтурумун көчмө жыйын менен коштоп, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмердүүлүгүн карайт.

Ушул эле 1 – июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Жыйындар залында өтүүчү иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурат.

Бүгүн,  1 - июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул майрам ээлерин Төрага Дастан Жумабеков, -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан куттуктады. "​​​​​Менин кичинекей досторум! Силерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Баарыңарга жаркын келечек, бекем ден-соолук жана узак өмүр тилейм. Улуулардын камкордугуна чулганып, мээримине бөлөнүп чоңое бергиле", - деп айтылат парламент спикеринин куттуктоосунда.  

Акыркы мезгилде күйүүчү майдын баасы 3 сомго жогорулады. Мындай жасалма кымбаттатуулардын сырын ачкан депутат  Бактыбек Сыдыков , - Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 млн тонна күйүүчү май бөлүнсө да, анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алып жаткандыгын айтып чыкты.

                              СНХ.Б.СЫДЫКОВ

Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолоруна 24-25-май күндөрүндө калың түшкөн кардан улам мал - жаны зыянга учурап, андагы миңдеген малчылар оор көйгөйгө кабылышты. Бул жагдайга кайрылган депутат Данияр Аттокуров, - “Фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек”, - дейт.

                              СНХ.Д.АТТОКУРОВ

Ошол эле  24-25-майдагы жаратылыш кырсыгы тууралуу теманы уланткан депутат Чыныбай Турсунбеков дагы  тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктардын абалына токтолду. Чыгымга учураган малдардын бир тобу насыяга алынгандыгы да олуттуу көйгөй, - дейт эл өкүлү.

                              СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган жарлыкка карабай,  Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду региондогу ачыла турган чакан ишкерлерге бут тосууларды жасап жатканы кандай? Бул суроого депутат Улукбек Ормонов кайрылып, кабатыр кылган бир топ көрүнүштөрдү санап берди.

                              СНХ.У.ОРМОНОВ

Балдардын, кош бойлуу аялдар онкологиялык дарттарга чалдыгып жаткандыгы азапка салууда. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу, дарылоо шарттары колго алыныш керек десек, кур дегенде курулушу башталган онкологиялык борбордун пайдаланууга берилишин ыкчамдатуу зарыл, - дейт депутат Таабалды Тиллаев.

                              СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Депутат Айнуру Алтыбаева “Жал” кичи районундагы узак убакыттан бери курулушу аягына чыкпай турган балдар ооруканасынын ишин жандандыруу жаатында каражат карала тургандыгын билдирип, 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата аткарылуучу иш чаралар тууралуу ой бөлүштү.

                              СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Балдар арасындагы өз жанын өзү кыйган фактылар өсүп жатат. Алдын алуу иштери жыйынтык бербегендей. Бул суроого депутат Наталья Никитенко токтолду.

                              СНХ.Н.НИКИТЕНКО

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен штаттан тышкаркы кабарчы Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                        ТАСМА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-июнда  кыргыз тоо кыркаларынан башка жерлерде жаан – чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй:25...30, Талас:24...29, Ысык-Көл, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Ош,Жалал-Абад, Баткен:26...31 градус ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1-июнда жаан – чачын күтүлбөйт. Түштүк – чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 3 – 8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 27...29 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 127

Окшош жаңылыктар