Депутат Экмат Байпакбаев: “Кыргызстан - жашыл экономиканын аралчасы”

31-05-2018 16:58

Абаны булгап жаткан зыяндуу калдыктардын 87%ы транспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан химиялык элементтер болуп саналат. Мындай көрсөткүч 2011- 2014 - жылдар аралыгында 1,6 эсеге өсүп, зыяндуу заттардын көрсөткүчү 400 миң тоннага жеткен. Бул тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, депутат Экмат Байпакбаев бүгүн, 31 – майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутаттын айтымында, курамында токсиндик уу заттары бар таштандылар да абаны булгап жаткан факторлордун бири. Айыл чарбасындагы пестициддердин  да терс таасирлери бар.

Экологиянын тазалыгын сактоо башкы максат болуш керек. Антпегенде, таза эмес климаттын айынан онкологиялык оорулар дагы өсүп, оор көйгөйлөрдү жаратууда, - дейт Э.Байпакбаев.

Жашыл экономиканы жолго коюуга атайын инвестициялар менен насыяларды кароо зарылчылыгы бар. Экологиялык туризмди өнүктүрүп, мамлекеттик сатып алуулар системасында дагы жашыл экономикага көңүл буруу кажет, - деди эл өкүлү.

Энергетика тармагындагы чакан ГЭСтердин потенциалын колдонуу да жакшы жыйынтыктарды берет. Бул жагынан Армения кыйла алдыга кеткен. Биз да алыскы мамлекеттерди эле үлгү кыла бербей, шериктештиктеги өлкөлөрдүн дагы саамалыктарына саресеп салып турсак жакшы болмок, - деген депутат “Кыргызстан - жашыл экономиканын аралчасы” болууга толук кудуреттүү, - деп кошумчалады.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 371

Окшош жаңылыктар