ЖАҢЫЛЫКТАР 31.05.18

31-05-2018 08:25

Бүгүн, 31 – майдагы жыйынын Жогорку Кеңеш адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  үчүнчү окууда талкууланат. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга кошумчалана турган өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат.  2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету бүгүнкү олтурумда угулмакчы.

3-6-октябрь күндөрү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны алгач ирет Бишкекте өтөт. Бул тууралуу кечээ, 30-майда “Парламент” радиосунун  түз эфирде ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын даярдап, өткөрүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов билдирди.  Аталган иш-чарага Европа, Азия жана Түндүк Американын, жалпысынан 57 өлкөнүн делегаттарынын катышары күтүлүүдө.

Депутат Руслан Казакбаев кечээ Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2017-жылдагы отчету угулуп жатканда акыркы мезгилде саясый куугунтук деген сөз байма – бай айтылып жаткандыгын белгилеп, анын түшүндүрмөсүн тактады.

                          СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Кезегинде Бажы кызматын жетектеп тургандардын жашап жаткан хансарайларын карап көргүлө. Алар кайсыл каражатка курулду? Аны иликтеген тарап жок. Болсо да көрмөксөн. Кала берсе, ошол эле үйлөр ошол чыныгы ээлеринин атына да катталган эмес. Мындай мисалдарды келтирген депутат Мурадил Мадеминов болду.

                          СНХ.М.МАДЕМИНОВ

Коррупцияланган мамлекттердин 180и тизмеге кирген катарда Кыргызстан 135-орунда турат. Мындай рейтинг деңгээлине депутат Мирлан Бакиров токтолду.

                           СНХ.М.БАКИРОВ

Журналисттердин орточо айлыгы ашып кетсе 20 миң сом. Бирок алардын сындап жазган макалалары үчүн төлөй турган айып өлчөмү миллиондоп саналат. Адам өлтүргөндө айыпкер 500 миң сом менен абалдан чыгып кетсе, журналисттерге салынган айыпты төлөө кеминде 160 жылдык тынымсыз иштөөнү талап кылчу сумманы түзүүдө. Мындай салыштырууларды депутат Каныбек Иманалиев санап берди.

                           СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Кыргызтелекомдун жетекчилигинин айлык маянасы чындап эле ири сумманы түзөт экен. Анын далилдерин келтирген депутат Акылбек Жамангулов Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында маселе көтөрүп, аталган мекеменин кирешеси деле анчалык рентабелдүү эместигин белгиледи.

                           СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Жол кырсыктары учурдагы үрөй учурган көрүнүшкө айланды. Бул жабыр тарткандар менен айыптуулардын эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин көйгөйү. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

                            СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Айдоочулук тажрыйбасы 3 жылга жетпеген унаа башкаруучулардын айынан жасалган жол кырсыктары жалпы жол кырсыктарынын 20%ын түзөт. Бул айдоочуларды даярдаган автомектептердин сапатын  кайра карап чыгууну шарттоодо, - дейт ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов.

                            СНХ.И.САРКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен штаттан тышкаркы кабарчы Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                       ТАСМА

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, 22...27, Ош, Жалал-Абад: 23...28, Баткен: 24...29, Ысык-Көл, Нарын:17...22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 23...25 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 70

Окшош жаңылыктар