Төрага Дастанбек Жумабеков бир катар баатыр энелерди Энелер күнү менен куттуктады

18-05-2018 14:20

Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар баатыр энелерди Энелер күнү менен куттуктады. Аларга гүлдесте, ыраазычылык кат жана материалдык жардамдар тапшырылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын колунан Бишкек шаарынын тургундары Зарипа Төрөбекова, Шарапат Акаева, Калыйман Мамбеталиева жана Ырыс Эсенбаева сыйлык жана ошондой эле өлкөнүн жети облусунан келген баатыр энелер материалдык жардам алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков энелерди куттуктап жатып, аларга татыктуу уул-кыздарды тарбиялап-өстүргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис. Ар бир аялзаты эне болгондо баарынан мурда баласына кам көрүп, кокус ооруп калса түнү бою кирпик какпай кашында турат. Тарбиялуу уул-кызды өстүрүп чыгуу – бул ыйык иш. Дал ушундай ыйык ишти энелер аткарат, балдарын турмуш жолуна тарбиялайт. Энелер күнү – жүрөктү элжиреткен майрамдардын бири. Анкени биз – баарыбыз бала кезибизден тартып өмүрүбүздүн акырына чейин жан дүйнөбүзгө энелерибиздин кайталангыс образын алып жүрөбүз. Энелер балдарын жан дили менен берилип сүйөт. Балдарды энелериндей эч ким түшүнө албайт. Андыктан, урматуу энелер баарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр жана бакыт каалайм”,- дейт Дастанбек Жумабеков иш-чарага келген энелерге кайрылып.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3207

Окшош жаңылыктар