Депутат Айнура Осмонова Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдардын чыгармачылык борборунун кайрымдуулук концертинин бетачар аземине катышты

17-05-2018 17:36

Жогорку Кеӊештин депутаты Айнура Осмонова Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдардын чыгармачылык борборунун «Балдар – биздин бактыбыз!» аттуу кайрымдуулук концертинин бетачар аземине катыштып, балдардын бакубат келечеги, аларга тереӊ билим, татыктуу таалим-тарбия берүү жаатында пикир алышты.

Эл өкүлү миӊдеген балдардын башын бириктирген «Ариет» балдардын чыгармачылык борборун көп жылдардан бери жетектеп, балдардын чыгармачылык өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн борбордун директору Жыпар Аманкулованы Жогорку Кеӊештин Төрагасынын атынан Ардак грамота менен сыйланышы менен куттуктап, анын андан аркы ишинде ири ийгиликтерди каалады. Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын атынан «Ариет» балдардын чыгармачылык борборуна 70 сом өлчөмүндө акчалай көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, «Ариет» балдардын чыгармачылык борбору 1996-жылдан тарта чыгармачыл балдар менен иш алпарып, ушу тапта анын алдында ыр, бий, тил, спорт, кол өнөрчүлүк сындуу 22 багыттагы ийрим иштейт. Борбордогу миӊден ашуун балага билим берүүгө жогорку билимдүү 23 мугалим тартылган. Анын тарбиялануучулары эл аралык, республикалык, аймактык кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 388

Окшош жаңылыктар