Парламенттин ишмердүүлүгү коомчулук үчүн ачык-айрым

17-05-2018 16:09

Телерадио, басылма, интернет-сайттары менен социалдык тармактар улам элге жакындаган сайын эл дагы ага ынтаа коюп, ал тургай өздөрү көрүп – уккан маалыматтарды ыкчам жеткирүүнүн ыгын да билип алышты. Элдик кабарчылар пайда болду. Бирок, алардын жазгандары аныкталган фактыларга таянабы? Бул жагы талаш суроо. Ошондуктан, жазуу стилин, сүйлөө манерасын атайын адистерден үйрөнсөк деген топту сүрөп, белгилүү журналист, парламенттик кабарчы Сымбат Максүтова “Журналистика мектебин” ачты. Анын максаты тууралуу кесиптешибиз "Парламент"  радиосуна кеңири айтып берди. Өз окуучуларына парламенттик журналистиканын өзгөчөлүктөрүн да түшүндүрдү         

Заман өзгөрүп, талап жаңырып жатканда улам бир жаңычылдыкка умтулуу жаш карыга карабай турган нерсе. Ошондуктан, Журналистика мектебинен сабак алсам деген ниет менен келген Жумагүл Тентиева мектепте орус тилинен мугалим. Өзү филолог болсо дагы журналистикада текст жазуунун мен билбеген өзгөчөлүктөрү бар экен, - дейт 57 жашты таяп калган окутуучу эжеке.     

"Журналистика мектебине келүү менен ушунчалык таасирдүү чөйрөлөрдүн кабыл алуусунда болом деп деле ойлогон деле эмесмин. Парламентке келип, андагы кабарчылардын иштөө тартиби менен таанышуу мен үчүн чоң жаңылык болду", - дейт ошол эле журналистика мектебинин дагы бир 50 жаштагы угуучусу Майрамбүбү Жусупбекова.

 

Жогорку Кеештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 235

Окшош жаңылыктар