Алыскы аймактардагы көйгөйлөр Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү менен бирге талкууланды

17-05-2018 15:41

Нарын районунун айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары парламентте болуп, аймактагы чечилбей жаткан маселелерди тизмектешти.

Жолугушууда баяндама жасаган район акими Семетей Черикбаев эл өкүлдөрүнө райондогу негизги көйгөйлөрдү айтып, аларды бир жолго салуу керектигин маалымдады.

"Бүгүнкү күндө Нарын районунун тургундары 50 миңге чамалайт. 2002-жылы мурда иштеп келген райондук оорукана белгилүү себептерден улам жабылган. Ошондон тарта район аймагындагы жергиликтүү тургундар бейтапкана маселесинен кыйналып келишет. Ал эми облустук ооруканада орундар чектелүү болгондуктан ден-соолугунан жабыркаган жарандар толук кандуу медициналык тейлөө ала алышпайт" - дейт, райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Сыяпат Сырдыбаева. 

Ошондой эле Эмгек-Талаа жана Кеңеш айылдарынын мектептери өткөн кылымдын 60-жылдарында салынып, учурда кулап калуу коркунучунда экендиги да айтылды. Бул боюнча өкмөткө бир канча жолу кайрылуулур болуп, бирок алгылыктуу жооп айтылган эмес. Талкуу учурунда мындан башка дагы таза суу, жол, бала бакча маселелери көтөрүлүп, тийиштүү мекемелерге тапшырылды.

Жолугушууга депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Алмазбек Баатырбеков, Алмасбек Акматов, Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу жана Кубанычбек Нурматовдор катышты. Ошондой эле берилген суроолорго Өкмөттүн тармактык мекемелеринин өкүлдөрү жооп берди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 194

Окшош жаңылыктар