ЖАҢЫЛЫКТАР 16.05.18

16-05-2018 09:23

«КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Бул тууралуу “КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 3-окууда жактырды. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу “Парламент" радиосуна төмөндөгүлөрдү билдирди.

                          СНХ. А.ЖУНУС УУЛУ

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышынында 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматы угулду. Баяндамачы Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жогорку сот заманбап технологшияларды колдонуп жатканын белгилеп, бир нече мисалдарга токтолду.              

                         СНХ. А. ТОКБАЕВА

Кээ бир сот отурумдары жабык түрдө өтүп жатканын депутат Жыргалбек Турускулов билдирип анын себеби боюнча суроону Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага узатты.

                         СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

Депутат  Исхак Масалиев паракорчулук иштер боюнча акчанын же башка материалдык берилген нерсенин далил болушу керектигин айтып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге узатты.

                         СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Эл аралык жаңылактар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.                             

                                   ТАСМА

Бүгүн, 16 – майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас:19...24, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 19-20, Ысык-Көл, Нарын: 14-19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 20...23 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 98

Окшош жаңылыктар