ЖАҢЫЛЫКТАР 17.05.18.

17-05-2018 08:27

Бүгүн, 17 – майдагы жыйынын парламент адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт болчу. Бирок, кечээки жалпы жыйында кабыл алынган чечимге ылайык, бул ирет дагы Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалдын келип чыгуу себептерин тактаган талкуу улантылмак болду. Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков маалымдады.

                          СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы боюнча талкуу парламенттин кечээки, 16 - майдагы олтурумунда дагы улантылды. Өзгөчө кырдаалдын жаралышы боюнча хронологиялык иштердин тизмегин депутат Алмамбет Шыкмаматов санап берди.

                         СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Акылбек Жамангулов, - "600 долларлык кычкач" делген шаймандар өлкө базарларында 2500 сом турарын ошол эле парламенттин 16-майдагы жыйынында маалымдап, парламентти сырттан алынган насыя, гранттар боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. 

                         СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Депутат Акылбек Жапаров 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын айланасында эле айланчыктай бербей, төлөнө турган кредиттин эсебин такташыбыз керек. Кеминде ал 400 млн. доллардан ашат, - дейт.

                        СНХ.А.ЖАПАРОВ

ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев демилгелеп жаткан «Билим берүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына болгон жалпы билим берүү 11 – класска чейин милдеттүү болсун, - деген талапты камтыйт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Парламент” радиосуна пикир бөлүштү. Министрдин орун басарынын маалымдашынча, бир жылда 9 – классты 90 миңдей бүтүрүүчү болсо, алардын 60 миңдейи 10 – 11 –классты окууну улантууда. 10 миңдейи кесиптик – техникалык окуу жайларына тапшырып, окуп жатса, дагы колледждерге тапшыргандары 14 миңге жакын окуучуну түзөт. Азыр депутат демилгелеп жаткан мыйзам долбоору 9 – класстан кийин окуусун улантпай, ара жолдо калган 7 – 8 миңдей окуучунун тагдыры татаалдашпасын деген таризде сунушталып, алардын мектепти толук бүтүүсү шарт деген талап коюлууда.

                          СНХ.К.КОЖОБЕКОВ

Эмгек рыногунда жумушчу орундарга суроо – талап жогорулап жатат. Бул жакшы динамика. Депутат М.Жеенчороев демилгелеп жаткан мыйзамдын өзгөртүүлөрүн колдойт элем, - дейт ошол эле парламенттик радиого курган маегинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесипчилик – техникалык агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жүргүзүлгөн агенттиктин сурамжылоолорунда белгилүү болгондой, Кыргызстанда 15 жаштан 24 жашка чейинки 1 млн. 100 миң улан – кыздарыбыз бар. Алардын 28%ы эч жерде окубай, расмий жерде иштебейт дагы. Бул дээрдик 300 миңге жакын жаштар, - дейт аталган агенттиктин жетекчиси.

                         СНХ.Т.ЧОЛПОНКУЛОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                                   ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18...23, Талас: 17...22, Ысык-Көл,  Нарын: 14...19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 21...23 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 210

Окшош жаңылыктар