Депутат Акылбек Жамангулов: «Мына, мен Бишкек ЖЭБи үчүн 320 долларга сатып алынган жабдыктар топтомун базардан 2500 сомго эле сатып алдым»

16-05-2018 10:50

Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Ал жабдыкты депутаттар менен жыйынга чакырылган кызмат адамдарына көрсөтүп, аны укук коргоо органдары үчүн далил буюм катары калтырды. Депутат азыр айрым аткаминерлер Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар көлөмүндөгү насыя каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү Кытай менен мамлелерге доо кетирет дегендей ой-пикирлерди айта баштаганын кошумчалады.

«Биз, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү иликтөө жүрүшүндө катары көп кызыктай нерселерге күбө болдук. Насыя натыйжасыз пайдаланылып, көп каражат текке кеткени көрүнүп турат. Энергетиктер каражаттын тартыштыгын айтып, электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселесин такай көтөрүп келет. Маянасынын аздыгына карабастан, өздөрү килейген үйлөрдө жашайт, кымбат автомашиналарды минет, алардын тууган-туушкандары да жакшы жашайт. Ал байлыктар каяктан? А, эмне үчүн алардын карызын карапайым калк төлөшү керек?», - деди Акылбек Жамангулов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1334

Окшош жаңылыктар