ЖАҢЫЛЫКТАР 15.05.18.

15-05-2018 09:19

Бүгүн, 15-майдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Мыйзам доолбору, Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамынын долбоору жана башка долбоорлор саат 10.00 каралат.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы жөнүндө да талкуу болот.

Бюджет жана финансы боюнча комитет “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырды. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 30 миӊге жакын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталганын, алардын ичинде 6 миӊ бала туруктуу багууга муктаж экенин билдирди. Ал эми Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө караганда, азыркы жашоо минимуму 4794 сом болсо, анда жалпысынан 450-470 млн сом талап кылынат, бирок ал 2018-жылдын бюджетинде каралган эмес.

Кечээ,14-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйынга депутаттар Г.Молдобекова, А.Алтыбаева, А.Самигуллина, Е.Строкова, С.Шер-Нияз, Ж.Акаев жана Ички иштер министрлигинин, Каржы министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда миграция маселеси, Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү үчүн аларды аныктоо, идентификациялоо жана кайра жолдоо боюнча улуттук механизмдердин долбоору жана башка бир топ маселелер каралды.

Депутат Евгения Строкова аталган маселелер боюнча акча каражат бөлүнүп, натыйжалуу колдонушу керек экенин айтып, бул мыйзамдын аткарылышын талап кылды.

                      СНХ.Е.СТРОКОВА

Депутат Жанар Акаев "Бир койго сатылган Азамат" аттуу материалдын мазмунуна кайрылып, ошол жарандын эмдигиче жеке өздүк документке ээ эместигин айтты. Ушундай ички шарттагы кулчулука сатылгандар боюнча эмнеге кылмыш иштери козголбой жаткандыгын да  тактады.

                     СНХ.Ж.АКАЕВ

Кылмыш бүткөндөн кийин айтылбай, мамлекет тарбынан алдын ала иш-чаралары көрүлүшү керек  - дейт депутат Айнуру Алтыбаева. Ошондой эле ал эл аралык тажрыйбадан бул маселелердин чечилишине мисалдар алынышы керек экенин да баса белгилеп кетти.

                    СНХ. А.АЛТЫБАЕВА

Тармактык комитеттин бул жолку көчмө жыйынын өткөрүүгө “Адам сатууга каршы техникалык базаны жана укуктук – нормативдик - актыларды бекемдөө багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү боюнча” Эл аралык миграция уюмунун долбоору колдоо көрсөттү.

Эл аралык жаңылактар топтому менен кабарчыбыз Ашым Полотов тааныштырат.

                           ТАСМА

Бүгүн, 15 – майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Талас:17...21, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 20-25, Ысык-Көл, Нарын: 14-19 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 20...22 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 169

Окшош жаңылыктар