ЖАҢЫЛЫКТАР 14.05.18.

14-05-2018 09:09

Бүгүн, 14 - майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Анын күн тартибинде адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү үчүн аларды аныктоо, идентификациялоо жана кайра жолдоо боюнча улуттук механизмдердин долбоору жөнүндөгү маселе каралат. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү жана Эл аралык миграция уюмунун адистери катышат. Андан тышкары ушул эле көчмө жыйында педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиясын жогорулатуу темасы да талкууланмакчы. Бул багыттагы демилгени депутат Ж. Акаев көтөрүүдө.

Калктын социалдык абалын жакшыртууда биринчи иретте алардын турак – жай менен камсыздалышы орунчундуу орунду ээлейт. Мамлекеттик, бюджеттик органдарда иштегендер ипотекалык насыяга үйлүү болуп жатышса, алыста иштеп жүргөн мекендештерибиздин каражат топтогондору гана үй алууга үлгүрбөсө, жашоосу өп – чап мигранттардын буга азырынча колу жете элек. Бул тууралуу маселеге кайрылып, депутат Сагындык Келдибаев “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыкса, - деген пикирин “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

                               СНХ.С.КЕЛДИБАЕВ

 “Улуу Британияда жылына болгону 30дан ашып – ашпаган гана мыйзамдар кабыл алынып, бирок алардын аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынып, иштен майнап чыгат. Ал эми биздин шартта бир эле сессиялык мезгилде 300гө чукул мыйзамдар кабыл алынат. Бирок, алардын ишке ашырылышына келгенде, манжа толуп санай албай калышыбыз мүмкүн”, - дейт парламенттик радиого курган маегинде DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасынын эксперти Жибек Койчукулова. 

                              СНХ.Ж.КОЙЧУКУЛОВА

Кыргыз мигранттары дүйнөнүн бардык булуң - бурчтарына тарады. Бирок, басымдуу бөлүгү туура келген Россиянын аймагындагы Москва, Санкт – Петербург, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларындагы мекендештерибиз менен өлкө президенти, депутаттар менен өкмөт башчы байма –бай жолугуп турушат. Ал эми  DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасы бул ирет ошол орус жергесиндеги биздин бийлик өкүлдөрү менен жолугуша элек мигранттар менен жолугушууну уюштуруп, алардын мүдөө – талаптарын эл өкүлдөрүнө жеткирүүгө шарт түзгөн. Өткөн жылдын июнь айында болгон ошол сапардагы айтылган суранычтар канчалык деңгээлде эске алынды? Бул боюнча 8 айлык иштин жыйынтыгын камтыган отчет даярдалды, - деди DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасынын координатор менеджери Руслан Мырзалимов билдирди.                     

                              СНХ.Р.МЫРЗАЛИМОВ

Мекендештерди мамлекеттик колдоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнүн негизинде жакшы кадам жасалууда. Ал “Мекен-карт” системасы ишке киргизилиши, - дейт ЖК Аппаратынын Социалдык маселелер, билим,илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин бөлүмүнүн эксперти Салтанат Бараканова. Аталган карт аркылуу башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиз Кыргызстанга келип жергиликтүү жарандар сыяктуу эле бардык жеңилдиктерден колдоно алышат.  

                              СНХ.С.БАРАКАНОВА

Кыргызстанда, анын ичинде ордо калаада да эл аралык стандарттагы заманбап ири спорттук жайлар жок. Ошондуктан, Өкмөт бул маселеге өзгөчө көӊүл буруусу керек. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев маселе көтөрдү.

                             СНХ.П.ТУЛЕНДЫБАЕВ

Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен кыргыз парламентинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү боюнча даярдалган эң мыкты материалдар үчүн ЖМКлар арасында сынак жарыяланат. Сынактын максаты – Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн чагылдырууга кыргыз ЖМКларын кызыктыруу, ошондой эле аталган темага коомчулуктун көңүлүн буруу.  Сынакка 2017-жылдын 1-декабрынан 2018-жылдын 15-майына чейинки бардык өлкө аймактарындагы ЖМКларга мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланган журналисттердин эмгектери (видео, аудио материалдар, аналитикалык макалалар, очерктер, обзорлор, атайын репортаждар жана лонгриддер) кабыл алынат. Жарыяланган материалдардын текстинин көлөмү 5 миң белгиден (боштуктарды кошо), видео же аудио материалдардын узактыгы 10 минуттан ашпоосу керек. Сынакка кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл, 18-май саат 18:00гө чейин.            

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                     ТАСМА

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 – майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын жана Ысык-Көл областтарында 22 метрге чейин жетет. Абанын таемпературасы Чүй, Талас:15...20, Ош, Баткен, Жалал-Абад: 19...24, Нарын: 13...18, Ысык-Көл: 14...19 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 0...5 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында мезгил-мезгили нөшөр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 18...20 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 88

Окшош жаңылыктар