Жети - Өгүз районунун жергиликтүү тургундарына "Кумтөрдө" иштөө үчүн бирдей шарт түзүлбөй жатканы анык болду

11-05-2018 18:14

ЖК депутаты Аида Исмаилова  Ысык – Көл областынын Жети – Өгүз жана Ак- Суу райондоруна барып  андагы элдин көйгөйлөрүн өз көзү менен көрүп, алардын суранычтарын укту.  Бул тууралуу депутат  “Парламент” радиосуна курган маегинде айтып берди.

Эл өкүлү Ысык Көл областтык бейтапканасы, Чолпон – Ата шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясы, Ак - Суу районунун “Чолпон” , “Ак –Кочкор” айылдарынын тургундары койгон маселелердин орчундуугунуна ынанды.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы  төрт айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин колдонуп, 5117 гектар жер казылып кеткен, - дейт депутат Аида Исмаилова. Ал эми "Кумтөрдө"  аталган  “Жети-Өгүз”, Липенко, “Ак-Дөбө”, “Ырдык” төрт айыл өкмөтүнөн биригип, болгону 25 гана тургуну  иштесе, башка бир айыл өкмөтүнөн 300гө жакын киши ишке тартылганы да калыс болбой калган, - дейт парламентарий айым.

Депутаттын айтымы боюнча, "Кумтөр" жайыт жерлерди колдонууга салык да толук төлөгөн эмес. Бул тууралуу  айыл өкмөтүнүн тургундары эл өкүлдөрүнө нааразычылыгын билдиришкен.  Ошондой эле айылдарда мектептердин абалы абдан оор  жана окуучулар 9 –классты гана аяктап, толук кандуу билим албай калып жатышканына да эл өкүлү күбө болгон.

“Бул иш сапардын алкагында каралган маселерди толук иликтеп, аларды  сөзсүз түрдө чечип берүү аракетин кылам”, - дейт Аида Исмаилова.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 488

Окшош жаңылыктар