ЖАҢЫЛЫКТАР 11.05.18.

11-05-2018 08:52

Парламент кечээки олтурумунда Бишкек ЖЭБ ишканасында орун алган абалды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын укту. Бул багытта маалымат берген депутат Улан Примов аныкталган аргументтер боюнча эмки ишти Башкы прокуратура алып барышы керектигин билдирип, буларга токтолду.

                           СНХ.У.ПРИМОВ 

Ошол эле теманы уланткан депутат Исхак Масалиев ЖЭБдеги кырдаал боюнча буйрук берүүгө кимдер укук алгандыгын ачыктап, айрым кызмат укуктарына кирбесе да кызмат абалынан кыянат пайдалангандардын өзүм билемдигин сындады.

                           СНХ.И.МАСАЛИЕВ 

Евразиялык экономикалык биримдиктин курамында турган өлкөлөр ар бири өз мамлекетинин эсебине пайда алып келгидей кадамдарды жасап, экономикасына өсүштөдү алып келүүгө аракеттенишүүдө. Ал эми Кыргызстандын үлүшү кандай? Бул суроодо ким жоопкерчиликти алып, ишти илгерилетүүгө салым кошушу керек. Атайын өкүлдөрдүн орду кандай? Айлык маселесичи? Бул жаатка депутат Каныбек Иманалиев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кайрылды.

                           СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ 

Депутат Сайдолимжан Жураев, - “Өзбекстан менен биргелешип ишкана куруу боюнча долбоорлорго эмне үчүн Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен, колдоого муктаж Баткен областы кирбей калган? Өзбек-кыргыз биргелешкен ишканаларынын бири Баткенде ачылса”,- дейт.

                           СНХ.С.ЖУРАЕВ

Түркиядан алынган насыялардын мектептерди курууга деп каралган бөлүгүнө Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы 3 мектеп да кирген. Бирок, алар башталып эмдигиче бүтпөй турат. Мындай ара жолдогу мектеп курулуштарына тынчсыздаган депутат  Максат Сабиров болду.

                           СНХ.М.САБИРОВ

Депутат Таалайбек Масабиров республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси менен курулуучу Базар-Коргон районундагы бир катар бала бакчаларга, стадионго эмдигиче каражат бөлүнбөй жатканын сынга алды.

                           СНХ.Т. МАСАБИРОВ

Депутат Дастан Бекешев, -“Майыптар майыптыгын тастыктоочу документти ар жыл сайын алышат. Ал үчүн кезекке туруп, сааттап маселенин чечилишин күтөт. Айрым учурларда  тиешелүү мекемелердин кызматкерлеринин бюрократиясына кабылышат”, - дейт парламенттин кечээки жыйынында. Мындай маселени көтөргөн эл өкүлү Өкмөткө кайрылып, бул көйгөйдү оңтойлуу чечип алган өлкөлөрдүн мисалдарын айтып, айрым майыптарга мөөнөтсүз майыптыкты берүүнү сунуш кылды.

                          СНХ.Д.БЕКЕШЕВ 

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                   ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 – майда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 30...35, Талас: 29...34 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл, Нарын: 22...27 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы 32...34 градус ысык болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 56

Окшош жаңылыктар