Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушту

14-06-2016
16:53

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 14-июнда Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэни кабыл алды. Иш чара Жапония  элчиси Такаюки Коикэнин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандына байланыштуу болду.

Төрага Ч.Турсунбеков, элчи Такаюки Коикэге Кыргызстанда өтөгөн активдүү дипломатиялык ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалардын артыкчылыгын арбытууга кошкон жеке салымына жогорку баасын берди. "Сиз үч жылда кыргыз-жапон мамилелеринин тереңдешине зор салым коштуңуз. Өлкөдөгү парламенттик демократиянын өнүгүүсүнө, экономикага, айыл-чарба тармагына кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем", -деди Төрага.

Андан сырткары, Төрага өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан «Бир айылда бир продукт» жана «Чөптүн тамыры жана адамзаттын коопсуздугу» деген долбоорлордун ийгилигине да токтолду.

Өз кезегинде элчи Такаюки Коикэ парламенттик шайлоонун ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөнүн билдирип, Жапония мындан ары да бул тажрыйбаны өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады.

Элчи Т.Коикэ анын Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеңештин дарегине ыраазычылыгын билдирди. Буга чейин башталган кыргыз-жапон долбоорлору келечекте дагы да улантыла бере тургандыгына ишеним артты.

Жолугушууда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландары да ортого салынды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы