ЖАҢЫЛЫКТАР 10.05.18.

10-05-2018 08:42

Кечээ, 9-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеӊиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты. Салтанаттын алкагында Жеӊиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбарлар коюлду. Расмий иш-чарадан соӊ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган расмий өкүлдөр Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери менен бирге аскердик талаа ашканасына чакырылды.

Бүгүн, 10- майда Жогорку Кеңеш кезектеги жыйынын күн тартибин тактап алган соң,  парламенттин 2018-жылдын май айына карата календарлык иш планын бекитет. “Ар кандай маселелер” саатына да орун берилет. “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууланат. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр болсо экинчи окууга чыгарылат. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдү камтыйт. Бул маселеге биринчи окууда көңүл бурулат.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет өткөн жыйынында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  2017-жылдагы иши боюнча отчетун укту. Бул багытта баяндама жасаган министр Эрлан Абдылдаев тармактык мекеменин жакынкы жана ырааккы чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер, эмгек мигранттары менен жүргүзгөн иштерин жана Кыргызстандын эл аралык айдыңдагы демилгелерин тизмектеди.

                              СНХ.Э.АБДЫЛДАЕВ

Ошентип, тармактык комитет Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдагы иши боюнча отчетун эске алынсын, - деп тапты.Комитет төрагасы Исхак Пирматов тышкы саясат концепциясын кайра иштеп чыгып, аны коомдук талкууга алып чыгууну сунуш кылды.

                             СНХ.И.ПИРМАТОВ

Ушул эле бүгүн, 10-майында саат 11:00дө Жогорку Кеӊештин Пресс-борборунда «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча отчеттун бетачары болот. Отчет Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жумушчу тобу тарабынан даярдалган.

КР Вице – премьер – министри Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик тил билүү деңгээлин аныктоочу иш аракеттер тууралуу айтып, усулдук китепчелердин даярдалып жаткандыгын дагы кошумчалады.

                             СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Садык Шер – Нияз тил, маданият, истусство жаатына кайрылып, - “Кур дегенде манасчылардын тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын эмнеге көрмөксөнгө салабыз. Биринин дагы даңкталана турган сыйлыкка илинбегендиги өкүндүрөт”, - деди.

                             СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

2020-жылдан баштап Минамат конвенциясына ылайык, сымапты камтыган продукцияларды экскорттоого же импортоого тыюу салат. Атаган конвенцияга дүйнөнүн 128 өлкөсү кошулган. Ал эми Кыргызстанчы? Бул суроого Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутаты Рада Туманбаева жооп берди.

                            СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Эртең, 11-май күнү саат 11:00дө Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамы жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” КР мыйзамынын аткарышы боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Төмөндөгү телефон номурлары аркылуу байланышып  иш-чара тууралуу толук маалымат алсаңыздар болот: 638953, 638830. Жыйындар залында өтүүчү иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурат.

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                                    ТАСМА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:26...31, Ош, Жалал-Абад: 27...32, Баткен: 28...33 градус ысык болот. Талас:25...30, Ысык-Көл:17...22, Нарын:18...23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 28...30 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 141

Окшош жаңылыктар