ЖАҢЫЛЫКТАР 08.05.18.

08-05-2018 08:33

Бүгүн, 8- майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кезектеги жыйынын өткөрөт. Анын жүрүшүндө  2017 - жылдагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин иши боюнча отчету угулат. Бул багытта КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат бермекчи.

Жаӊы Өкмөт курамындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалган Нурболот Мирзахметов буга чейин КР Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеп келген. Эми анын ордуна жаңы талапкер каралууда. Бул маселени Бюджет жана финансы боюнча комитет карап, КР Эсептөө палатасынын аудиторлугуна Байгазаков Алимжан Топчубаевичтин талапкерлигин жактырды. Депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, мыйзамга ылайык, оппозициялык фракция Эсептөө палатасына бир талапкер көрсөтө алат, ошондон улам ага Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги сунушталууда.

                         СНХ.С.НЫШАНОВ

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди кайтаруу боюнча өкмөткө жана Башкы прокуратурага тиешелүү тапшырмаларды берди. Аталган тармактык комитеттин төрагасы  Айтмамат Назаров билим берүү, саламаттыкты сактоо объекттеринин мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендерин мамлекетке кайтаруу маселесин карап чыгуу керектигин айтып, бул жагдайга тиешеси барлардын жоопкерчилиги каралышы зарыл, - дейт.

                        СНХ.А.НАЗАРОВ

Жогорудагы комитет төрагасынын оюн кубаттагын депутат Асылбек Жээнбеков дагы ошол объекттерди менчикке бергендердин жоопкерчилиги каралыш керектигин белгиледи.

                        СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бүгүн, 8 - майда Отун энергетика жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынында биринчи окууда каралат.

 Мамлекеттик тилде чыгарылган китептердин наркы өтө жогору болгондуктан, аларга атайын экспертиза жүргүзүлсүн деген талап коюлууда. Ал гана эмес, китептердин басылуусун коомдук талкуудан өткөрүү зарылчылыгы да жаралууда. Ошондо келип түшкөн сын – пикирлерди эске алуудан соң гана китепти басып чыгарууга уруксаат берүү керек. Мындай негиздемедер кечээ, 7-майдагы Жогорку Кеңештин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Анткени, бул жолку олтурумунда Кыргыз Республикасында 2014-2020 – жылдар аралыгындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун маалыматы угулган болчу. Негизги баяндамачы депутат Рыскелди Момбеков бир топ жагдайларга токтолду.

                       СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Эми чет элдик жаңылыктар топтому менен кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова тааныштырат.

                             ТАСМА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:21...26, Талас: 18...23, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 24...29, Ысык-Көл:14...19, Нарын:15...20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8 – майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 22...24 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 146

Окшош жаңылыктар